Өз кызын зордуктаган ата өмүр бою эркинен ажыратылды
RU

Өз кызын зордуктаган ата өмүр бою эркинен ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-майда Сузак райондук соту өз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталган кыздын иши боюнча айыпталуучуга чечим чыгарды. Жалал-Абад облустук сотунан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, ал райондук соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

"Ага 42 эпизод боюнча айып тагылган", - деп белгиледи соттон.

Ал эми айыпталуучу "Зордуктоо" (154-берене) жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" (155-берене) боюнча беренеоер менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эске салсак, жакында эле Сузак районунун тургунун өз атасы он жыл бою зордуктап жүргөнү белгилүү болгон. Биринчи жолу киши кызын жети жашында кордогон – ошол учурда анын аялы ооруканада болчу.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12522