Өлкө башчы: 5 жылдыздуу мейманкана курам деген инвестордон депутат млн сом талап кылган
RU

Өлкө башчы: 5 жылдыздуу мейманкана курам деген инвестордон депутат млн сом талап кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында жаңы парктын ачылышын жасап, чогулган элдин алдында сөз сүйлөдү. Анда өлкө башчы облус аймагындагы айрым иштерге, айрым чиновниктерге нааразы экенин, элдин дагы көңүлүн бир аз түшүрө турган жагдайларга токтолорун белгиледи.

"Протоколдон чыгып, кичине ээнбаштык кылайын деп турам. Парк турган жер былтыр эле бош жаткан экен. Аянт президенттин иш башкармалыгына караштуу болгондуктан парк салып коёлу деп тапшырма берип, бир аз акча бөлүп, курулушту баштаганбыз. 6 айдын ичинде бүтүрдүк. Жасаса болот бекен? Ооба.

Паркты куруунун алдында Чолпон-Атанын депутаттарын, акимин, мэрди чогултуп, сурангам. Курулушка жардам бергиле, башка жактарга да спорт аянтчаларын салып берели дегем.

Өзүбүздүн ички инвесторубуз беш жылдыздуу мейманкана курайын деп жатыптыр, жардам берүүсүн айткам. Анткени ага бут тосуп, салдырбайбыз, антебиз-минтебиз, акча бер деп жатышкан экен депутаттар. Биз чет өлкөдөн инвестор тартып салдырып жатабыз, силер өзбүздүн балага бут тоспогула деп барынан суранганм. Тилекке каршы, укпаптыр, бүгүнкү күнгө чейин башталбаптыр, 1 жылдан ашып кетти. Бир Урмат деген депутат бар, бирок урматсыз адам экен, "мен каршы чыгам, каршы үндөйм" деп 1 млн сом алыптыр. Жаштардын атынан келиптир дагы "биз дагы каршы чыгабыз" деп 10 миң доллар алыптыр. "Ошолордун оозун басайын деп акчаны бердим, курулушту эми баштап жатам" деди инвестор балабыз.

Тилекке каршы, өзүбүз өнүгүүнү каалабайбыз, жасаган адамды көрө албай, бут тособуз ушинтип", - дейт президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров аймактын тазалагын сынга алды. Тагыраагы, ал Түптүн жолуна кышында себилген кумдар тазаланбай турганын айтты.

"Аткана бул жакта калсын! Кышында себилген кумдар ошол бойдон жатат, жолдун жээгиндеги таштандыларды айтпай эле коёюн, мындайча айтканда чочкокана болуп калыптыр.

Анан токтотуп алып, урушуп, сөгүш берип, тазалагыла деп айтып келдим. Эмнени айткым келип жатат? Жакшынакай кылып жасап берген нерсени колдонгонду билбейбиз. Сүйлөсөк асмандын башынан сүйлөйбүз, сындайбыз. Биринчи өзүбүз оңололу", - деп жлге кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12655