Президенттин Түптүн чиновниктерин урушуп жаткан видеосу
RU

Президенттин Түптүн чиновниктерин урушуп жаткан видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түп районунда Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн урушту. Окуянын видеосун жергиликтүү тургундар тартып алышкан.

Окуя 30-майда түштөн кийин президент облуска барганда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал аткаминерлерди көчөдөгү таштандылар жана туристтик сезонго даяр эместиги үчүн урушкан.

"Кабинетиңизде эмне кылып отурасыз?", – дейт президент чиновниктердин бирине.

Садыр Жапаров Түп районунун акими Каныбек Адиевге сөгүш бергенин, ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырганын Эрбол султанбаев билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12654