Прокурордун үй-бүлөсүнө берилчү 21 млн сом. Каржы министрлиги мыйзамга өзгөртүү сунуштады
RU

Прокурордун үй-бүлөсүнө берилчү 21 млн сом. Каржы министрлиги мыйзамга өзгөртүү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңешке "Прокуратура жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору келип түштү.

Түзөтүүлөрдү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Каржы министрлиги иштеп чыккан. Алар кызмат учурунда каза болгон прокурорлордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү компенсациянын көлөмүнө тиешелүү.

Белгилей кетсек, колдонуудагы мыйзамга ылайык, прокурор кызматтык милдеттерин аткарууда каза болсо анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык орточо эмгек акысынын өлчөмүндө компенсация төлөнөт.

Ошондой эле мыйзамда прокурор кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жаракат алып, анын кесепетинен майып болуп, кесиптик ишмердүүлүгүн уланта албай калса, акыркы 5-10 жылдагы орточо эмгек акысынын өлчөмүндө компенсация төлөнөрү белгиленген.

Мамлекеттик камсыздандыруу органдары камсыздандыруунун суммасын прокуратуранын сунушу боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөйт.

Каржы министрлиги бул мыйзамды талдап чыгып, "өлкөнүн азыркы экономикалык абалынын шартында төлөмдөрдүн көрсөтүлгөн суммалары бюджет үчүн чоң жүк болуп саналат" деген бүтүмгө келген. Мындан тышкары ушул сыяктуу иштер боюнча прокуратура жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялардын өлчөмдөрүнүн ортосунда олуттуу айырмачылыктар аныкталган.

Буга байланыштуу Каржы министрлиги прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгон же майып болгон учурда бир жолку жөлөк пулдун өлчөмүн азайтуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Тактап айтканда, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө каза болгон учурда акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөп берүү сунушталууда.

Ошондой эле жаракат алган же майып болгон учурда бир жолку камсыздандыруу төлөмдөрүн азайтуу сунушталууда.

"Бул Конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алуу учурдагы экономикалык шарттарда өлкөнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштырууну камсыз кылат", - деп айтылат негиздемеде.

Белгилесек, 15-майда парламенттеги комитет жыйынында кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго берилүүчү бир жолку кенемте талкууланган. Мыйзамга ылайык, кызматын аткарып жатып каза болгон прокуратура кызматкеринин үй-бүлөсүнө 20 жылдык айлык маянасы (болжол менен 21 млн 699 миң сом) жөлөк пул катары төлөнөт.

Бул мыйзам кээ бир депуттарды таң калтырып, нааразычылыгын да жаратып, соцтармакта катуу сынга алынган.

Кийинчерээк Башкы прокуратурадан комментарий беришип, бул бир эле прокуратурага тиешелүү эмес экенин айтышкан. Кызуу талкууга алынган кенемте боюнча Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12710