Кенемте талкуусунан кийин президент мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды
RU

Кенемте талкуусунан кийин президент мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасына жазды.

"Бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Компенсациянын суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди", - деп жазат Султанбаев.

Белгилесек, 15-майда парламенттеги комитет жыйынында кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго берилүүчү бир жолку кенемте талкууланган. Мыйзамга ылайык, кызматын аткарып жатып каза болгон прокуратура кызматкеринин үй-бүлөсүнө 20 жылдык айлык маянасы (болжол менен 21 млн 699 миң сом) жөлөк пул катары төлөнөт.

Бул мыйзам кээ бир депуттарды таң калтырып, нааразычылыгын да жаратып, соцтармакта катуу сынга алынган.

Кийинчерээк Башкы прокуратурадан комментарий беришип, бул бир эле прокуратурага тиешелүү эмес экенин айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12299