"Өмүрүн тилейт окшойбуз". Башкы прокуратура кенемте боюнча талкууларга жооп берди
RU

"Өмүрүн тилейт окшойбуз". Башкы прокуратура кенемте боюнча талкууларга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттеги комитет жыйынында кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго берилүүчү бир жолку кенемте талкууланды. Тагыраагы, иш учурунда каза болгон прокуратура кызматкеринин үй-бүлөсүнө 20 жылдык айлык маянасы (болжол менен 21 млн 699 миң сом) жөлөк пул катары төлөнөт. Мыйзамдагы мындай норма депутаттарды таң калтырып, Надира Нарматова прокуратура менен сот органдары мыйзамды өздөрүнө өтө-мөтө ыңгайлаштырып алган экен дейт.

"Бул сумманы көрүп ээсиң оойт, прокурор болуп өлгүң келет чындыгында. Эми прокурорлордун өмүрүн тилейт окшойбуз. Бирок туура эмес нормалар көп, булар пенсияга чыкса дагы миллионду жөн эле алат экен. Ага чейинкиси өзүнчө. Айтсаң жаман көрүнүп, балээге каласың", - деген Нарматова.

Жыйындагы талкуудан кийин социалдык тармактын колдонуучулары да четте калбай, ар кандай пикирлерин жазышууда.

Башкы прокуратуранын комментарийи

Көзөмөл органдан жогорудагы талкууларга жооп берип, бул бир эле прокуратурага тиешелүү эмес экенин айтышты.

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамына ылайык, кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жарадар болсо, жаракаттын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен каза тапса, анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акысы бир жолку жөлөк пул катары төлөнөт.

Бул бир эле прокуратурага тиешелүү эмес. Бардык эле укук коргоо органдарына, тактап айтканда УКМК, ИИМ, Бажы кызматы, Салык кызматы, Жазаларды аткаруу кызматы өңдүү мамлекеттик органдарга тиешелүү. Мындай мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Каза болгон ар бир прокуратура кызматкерлерине мындай камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилбейт. Бул бир гана учурда кызматын аткарып жатып, каза болгон кызматкерлерге гана прокуратураын Конституциялык мыйзамына ылайык камсыздандыруу (компенсация) суммасы бир жолу төлөнүп берилет. Мындай компенсация акыркы 10-20 жылда 1-2 жолу катталган", - дешти Башкы прокуратурадан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12278