"Чет элдик өкүл" мыйзамында кандай өзгөртүүлөр сунушталган жана ал эмнеси менен жаман?
RU

"Чет элдик өкүл" мыйзамында кандай өзгөртүүлөр сунушталган жана ал эмнеси менен жаман?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 19-майында парламенттин 33 депутаты, анын ичинде саясий беделдүү өкүлдөр Кыргызстанда "чет өлкөлүк агент (өкүлдөр)" туурасында мыйзам долбоорун демилгелешкен. "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын депутаты Надира Нарматова тарабынан илгерилетилген алгачкы документ "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга" жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү болжойт. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан эртерээк кабыл алынып, 2023-жылдын июль айынын аягынан кеч эмес мыйзамды ишке ашыруу аракети жүрүп жатат.

Мыйзам долбоору ишке ашса "Чет элдик өкүл" макамы чет элдик каржылоону алган коммерциялык эмес уюмдар катары таанылгандар, ага кошумча саясий ишмердүүлүк менен алектенгендерге берилет. Мамлекеттик органдардын чечимдерин кабыл алууга, алардын мамлекеттик саясатын өзгөртүүгө, ушул максаттар үчүн коомдук пикирди калыптандырууга багытталган ар кандай аракеттерди саясий ишмердүүлүктүн өтө кеңири жана бүдөмүк концепциясы ишке ашат.

Мыйзам долбоорунун негизги жоболору:

  • Бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинде "чет элдик өкүл" катары каттоодон өтүшү керек. Эгерде коммерциялык эмес уюмдар өзүн чет өлкөлүк өкүл деп эсептебесе, бирок ошол эле учурда Юстиция министрлиги "чет өлкөлүк өкүл" деп тааныса, министрлик КЭУнун ишин 6 айга чейин (банк операцияларын кошкондо) же каттоодон өткөнгө чейин токтотулушу мүмкүн;
  • Бул макамды ишке ашыруу аракети бейөкмөт уюмдардына "эн тамга басып", мындай уюмдарга, анын ичинде коомчулук жана мамлекеттик институттар тарабынан ишенимсиздиктин, коркуу жана кастыкты калыптануу тобокелдиктерин олуттуу жогорулатат. Албетте бул алардын ишин өтө оорлотот;
  • Саясий иштерге илим, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо, жарандарды, майыптарды социалдык жактан колдоо жана коргоо, эне жана баланы коргоо, сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спорт, флора жана фауна, ошондой эле кайрымдуулук иштери кирбейт. Бирок, саясий ишмердүүлүк түшүнүгүнүн так эместигинен улам бийлик бул жааттагы КЭУнун каалаган активдүүлүгүн, мисалга саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзамдарды жана/же мамлекеттик саясатты өзгөртүү керектигин демилгелөөсүн саясий катары таанышы ыктымал;
  • Чет өлкөлүк КЭУнун жаңы макамын орнотуу, мындай уюмдар катары Кыргызстан аймагынан тышкары чет өлкө мамлекетинин мыйзамдары боюнча түзүлгөн жана алардын негиздөөчүлөрү мамлекеттик органдар болуп саналбаган уюмдар таанылат. Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдары Кыргызстанда расмий түрдө катталган өз филиалдары жана өкүлчүлүктөрү аркылуу иш алып барышат;
  • Бул жерде олуттуу укуктук аныксыздык орун алган, себеби мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын Кыргызстанда КЭУну түзүүсүнө (негиздөөсүнө) тыюу салынышы каралган эмес. Буга байланыштуу бир жагынан, негиздөөчүлөрү чет өлкөлүк/эл аралык субъекттер болгон уюмдар Кыргызстан аймагында кадимки, "улуттук" КЭУлар формасында түзүлүп, иш жүргүзө алышат. Башка жагынан алганда, иш жүзүндө мамлекеттик органдар мындай уюмдар чет өлкөлүк/эл аралык уюмдардын филиалдары же өкүлчүлүктөрү катары түзүлүшүн талап кылышы мүмкүн;
  • Бардык коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар жана чет өлкөлүк өкүлдөрдүн КЭУлары үчүн отчеттуулуктары кыйла кеңейет. Бул отчеттулукка мүлк өлчөмү жана курамы, чыгашаларынын жана кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, кызматкерлеринин саны жана жеке курамы, эмгек төлөмү жана башкалар туурасында маалымат кирмекчи. Кошумча отчеттуулук түрлөрү орнотулууда, анын ичинде ЖМКларда бейөкмөт уюмдун жогорудагы маалыматын жайгаштыруу максатында дагы бар.Бул аталган уюмдардын кызматкерлери туурасында маалыматтын ачыкталышына, мамлекет жана non-state agents (чет өлкөлүк өкүл) тарабынан болгон чагымдарга, куугунтукка алууга алып келиши мүмкүн;
  • Чет өлкө өкүлдөрү-бейөкмөт уюмдарга карата мамлекеттик көзөмөл олуттуу күчөйт. Юстиция министрлиги алардын ишине кийлигишүүдөгү кеңири ыйгарым укукка ээ болот. Анын ичинде пландалган жана пландалбаган текшерүүлөрдү жүргүзүү, ички маалыматына жеткиликтүүлүк, уюмдун каалаган иш-чарасына катышуу мүмкүнчүлүгү ж.у.с;
  • Мыйзамды бузгандыгы, отчетторду бербегендиги же уюштуруу документтеринде аныкталган максаттарына карама-каршы келген аракеттерди жасагандыгы, анын ичинде жазуу жүзүндөгү эскертүү, бейөкмөт уюмду мамлекеттик реестрден чыгарып салуу, б.а. ишмердүүлүгнө тыюу салуу орнотулат;
  • Конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо, мамлекеттин коргонуусун жана коопсуздугун, башка адамдардын адеп-ахлагын, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдардын айрым долбоорлорду каржылоосуна тыюу салуу мүмкүнчүлүгү белгиленген. Бул максаттардын так эместигинен иш жүзүндө мам. органдар эч бир негиздемеси жок каалаган юридикалык жана жеке жактарды каржылоосуна тыюу салууга мүмкүнчүлүк алышат;
  • Коммерциялык эмес уюмдун же чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун бөлүмү түзүлгөндүгү үчүн, ага катышып же анын ишмердүүлүгү жарандарды алардын жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка укукка каршы келчү аракеттерди жасоого үндөө менен байланышкан болсо, анын ишмердүүлүгүн пропагандалоо үчүн катуу кылмыш-жаза жоопкерчилиги кийрилет (айыппулдан тартып 10 жылга чейин эркинен ажыратууга чейин). КЭУнун иш жүзүндөгү өкүлдөрү, алардын волонтерлору жана/же иш-чараларынын катышуучулары, ошондой эле башка жактар, мисалы социалдык тармактын колдонуучулары жарандык активдүүлүгү, коомдук көзөмөлү, нормалдуу саясий активдүүлүгүн үчүн түрмөгө камалышы мүмкүн.
  • Эгерде бул жарандарды жарандык милдеттерди аткаруудан баш тартууга түртсө, аймактык коммерциялык эмес уюмдардын же алардын өлкөдөгү бөлүмдөрүн түзүү, ага катышуу же анын ишин үгүттөө үчүн катуу кылмыш-жаза жоопкерчилиги (айып пулдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу) киргизилет. Иш жүзүндө жарандык активдүүлүк, коомдук көзөмөл, нормалдуу саясий ишмердүүлүк үчүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, алардын ыктыярчылары же иш-чаранын катышуучулары, ошондой эле башка бардык адамдар, мисалы, социалдык тармактардын колдонуучулары эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Башкы беттеги сүрөт: https://www.azattyk.org/

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12902