Президенттин атасы балдарын уу коргошундун дозасын өлчөгөндү үйрөтүп кеткен
RU

Президенттин атасы балдарын уу коргошундун дозасын өлчөгөндү үйрөтүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавирустук инфекциядан уу коргоршун башкача айтканда ысык-көлдүн тамырынын тундурмасы менен дарыланууну сунуштады. Анын сөзүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.

Бүгүн, 16-апрелде, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынын берип, уу коргошундан 300дөн ашык адам айыгып кеткенин билдирди.

Анын айтымында, уу коргошунду кандай кылып ичиш керектигин президенттин атасы үйрөтүп кеткен.

"Садыр Нургожоевичтин атасы Нургожо ата балдарына үйрөтүп кетиптир, кандай өлчөмдө алганда адамга пайда алып келе турганын. 15 күндөн бери Садыр Нургожоевич менен улам байланышып, дозасын кандай алыш керек?" - деп сурап жатабыз. Анткени дозасын аныктай турган жалгыз адам президент", - деди Бейшеналиев.

Бейшеналиев басма сөз жыйыны учурунда уу коргошундун электр чайнигине куйдуруп, жылытып, андан кийин кружкага куюуп алып ичип отурду.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасына, биздин дарыгерлер оорунун баштапкы стадиясында бир-эки күн мурун дарылай турган ыкмасын тапты, деп жазган.

Малымкат. Уу коргошун, Кыргызстанда "ысык-көл тамыры" катары белгилүү. Бул өтө уулу өсүмдүк. Аны жеген мал өлөт. Анткени дары кан басымды жогорулатып, жүрөктүн кагышын тездетет. Дене жансызданып, дем жетпей, муунат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1314