"Муздак ичүү өлүмгө алып келет". Садыр Жапаров COVID-19дан айыктыруучу дары сунуштады
RU

"Муздак ичүү өлүмгө алып келет". Садыр Жапаров COVID-19дан айыктыруучу дары сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавирустук инфекциядан уу коргоршун башкача айтканда ысык-көлдүн тамырынын тундурмасы менен дарыланууну сунуштады.

Өзүнүн социалдык баракчасына, биздин дарыгерлер оорунун баштапкы стадиясында бир-эки күн мурун дарылай турган ыкмасын тапты, деп жазган.

"Оорунун белгилери пайда болору менен үйдө жатып албастан, дароо ооруканага жөнөңүздөр. Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты", - дейт президент.

Сунушталган видеодон бир нече киши "Уу коргошун" деп аталган тундурманы желим бөтөлкөлөргө куюп, этикеткаларын чаптап жатканын көрсө болот.

"Муздак ичүүгө тыюу салынат жана ууртап көрүүгө болбойт. Муздак ичүү өлүмгө алып келет. Бир чай чыны сууну кайнатып ичилет. Күнүгө 4-5 маал ичсе болот. Аралыгы 4 сааттан: 08:00-12:00-16:00-20:00. Артынан муздак ичүүгө болбойт. Коронавируска, ашказандын рак оорусуна дарылык касиети зор", - деп этикеткасында жазылып турат.

Малымкат. Уу коргошун, Кыргызстанда "ысык-көл тамыры" катары белгилүү. Бул өтө уулу өсүмдүк. Аны жеген мал өлөт. Анткени дары кан басымды жогорулатып, жүрөктүн кагышын тездетет. Дене жансызданып, дем жетпей, муунат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1307