Алтын Капалова чуу жараткан матчество боюнча билдирүү жасады
RU

Алтын Капалова чуу жараткан матчество боюнча билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө баланы энесинин атына каттоого уруксат берилгени маалымдалгандан кийин коомдо кызуу талкуу башталды. Бир канча күндөн бери талкуудан түшпөй жаткан матчество боюнча жарандык активист Алтын Капалова билдирүү жасады.

Ал сөзүнүн башында бул ишти кароого алганы үчүн Конституциялык сотко ыраазычылыгын билдирди.

"Мен маданий мурастарды сактоо тармагындагы адис катары, Кыргыз Республикасынын жараны жана үч баланын энеси катары өз сөзүмдү айткым келет.

Маданий мурасты сактоо жаатында адис катары мурасты сактоо керектигин жана аны кандай сактоо керектигин жакшы билем.

Каада-салттар материалдык эмес мурастын бир бөлүгү болуп саналат. Биз сактап, келечек муунга өткөрүп бере турган, бирок укукту тепселеген да салттар бар, аларды өткөн убакта калтыруу зарыл. Алсак, ала качуу салты. Ала качуу - бул кылмыш, ал адамды уурдоо менен зордуктоо аркылуу коштолот деп дайыма айтып келем. Бизге андай салттар керек эмес. Салттан баш тартуу абдан кыйын экенин билем. Бирок салттар кимдир-бирөөнүн укугуна шек келтирсе, анда учурга ылайык салттарды түзүү керек", - дейт.

Ал эми Кыргызстандын жараны катары укугу корголушун, анын укуктары башка бирөөнүн адеп-ахлактык идеясынан жана башка бирөөнүн салтты кармануу каалоосунан жогору экенин айтат.

"Мен мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Атам өмүр бою укук коргоо органдарында иштеп, кызмат ордунда жаш кезинде каза болду. Апам оор 90-жылдарда жети бала менен калган. Апам бизге өмүрүн арнап, чоң кыйынчылыктардан өттү. Мен эмне үчүн апама сый көрсөтүп, таазим кылып, анын ысымын алып жүрө албайм?

"Матчество" - бул бир эле балдарын жалгыз өстүргөн энелер тууралуу эмес. Бул - баарында болуш керек болгон тандоо", - деп түшүндүрдү.

Капалова Кыргызстанда өтө көп бала атасыз өсүп жатканын белгиледи.

"Биз миңдеген мигранттардын тагдырларын укканбыз, аталар башка өлкөгө кетип, ал жактан башка үй-бүлө күтүп, өз балдарын унутуп коёт. Мындай учурда аялдарга чоң түйшүк түшөт. Ар бир аял эркектер менен бирдей баласына ысымын берүүгө укуктуу. Мен гендердик теңчиликке кадам таштоону, аялдарга өз балдарына өздөрүнүн ысымын коюу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранам", - деп жыйынтыктаган.

Эске салсак, 2-июлда активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген.

Башкы беттеги сүрөт: Абылай Саралаевдики.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13234