"Баарыбыз күнөөлүүбүз", Атанын аты менен тукум сүрүштүрүлөт". Матчество боюнча пикирлер
RU

"Баарыбыз күнөөлүүбүз", Атанын аты менен тукум сүрүштүрүлөт". Матчество боюнча пикирлер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 16 жашка толгон жаранга апасынын ысымын алууга уруксат берилгени маалымдалды. Бул кабардан кийин коомдо ача пикир жаралып, көбү каршылыгын айтышууда.

Алардын арасында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бар. Ал соцтармактагы баракчасына: "Мен каршымын! Атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт. Эртең Конституциялык соттун маалыматы чыгат", - деп жазды.

Ал эми Айжан Акылбекова апасынын ысымын алуу шариятка туура келбей турганын жазат.

Ишкер Рысгүл Акимжанова матчество - коомдун коркунучтуу жана масштабдуу көйгөйү дейт.

"Ага баарыбыз күнөөлүбүз! Жыйынтыгына чычалабай, себеби менен күрөшүү керек.

Идеология жазган кыйындарыбыз асмандагы абаны айта бербей, эр жигиттин, мырзачылыктын кодексин жазышсын! Коомдун моделин куруучу да, багытын аныктоочу да эркектер! Силер каякка оосоңор, аркаңардан бала-чака, келечек муун менен кошо оойбуз! Ээрге түз отуруп, уңгубузга кайталы! Кылымдар бою кырылгыс деген улуу элдин татыктуу мууну бололу!", - деген оюн калтырды социалдык баракчасына.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13201