Мамлекеттик катчы баланы энесинин атына каттоого каршы. Конституциялык сот эмне дейт?
RU

Мамлекеттик катчы баланы энесинин атына каттоого каршы. Конституциялык сот эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баланы энесинин атына каттоого каршы пикирин айтып чыкты.

"Мен каршымын! Атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт. Эртең (3-июль - ред. kaktus.kg) Конституциялык соттун маалыматы чыгат", - деп жазган Мамлекеттик катчы соцалдык баракчасына.

Эске салсак, 2-июлда активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген.

Ошол эле учурда социалдык тармакта балага энесинин атын берүүнү туура көрбөй, сын-пикирлерин жазгандар арбын болууда. Бул улуттук каада-салттарга каршы келерин билдирип жатышат.

Бул мыйзам тууралуу Конституциялык сот kaktus.kg редакциясына 3-июлда расмий маалымат берип, активист (Алтын Капалованын) кайрылуусунун маңызы арыз ээси баласына өз атын берүүгө, башкача айтканда матчествону колдонууга мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранганын жазып, Конституциялык сот ишти сот отурумунда карап, төмөнкүдөй жыйынтыкка келгенин маалымдады.

Конституциялык сот 2023-жылдын 30-июлунда Үй-бүлө кодексинин (63-берененин 2-бөлүгү) менен "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым ченемдик укуктук актыларынын (бөлүгүнүн экинчи абзацы) 30-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы) өлкөнүн Конституциясына карама-каршы келбейт деп тапты.

"Дегеле биздин мыйзамдарыбызда кыргыздын улуттук каада-салттары боюнча, ошондой эле өз атын, фамилиясын жана атасынын атын караган советтик калыптанып калган ат коюу системасы боюнча ат коюу мүмкүнчүлүгү бар.

Дароо белгилей кетүүчү нерсе, кыргыздын улуттук каада-салты боюнча ат коюунун тартиби ("уулу, кызы, тегин" деген жазуу менен) өзгөрүүсүз калган.

Ошону менен бирге апа менен катар эле ата баласына атын берүү - баланын укугун коргоого, анын өнүгүшүнө, тийиштүү социалдык чөйрөдө калыптанышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө түздөн-түз байланышта болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Бирок баланын укуктары ата-эненин укуктарынан жогору турат жана бала мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Ал эми салттуу коомдо апасынын атын алган балага карата ар кандай стигма жана куугунтук болушу мүмкүн болгондуктан активисттин арызы канааттандыруусуз калтырылган.

Бул жашы жете элек балдарга апасынын атын берүүгө мыйзам уруксат бербейт дегенди түшүндүрөт.

Бирок бала бойго жеткенде (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 56-беренесине ылайык он сегиз жаш), башкача айтканда, болгон реалдуулукка объективдүү баа берүү жана ага адекваттуу жооп берүү, өз аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти алуу жөндөмүнө ээ болгондо, тигил же бул себептерден улам, анын ичинде башынан өткөн турмуштук трагедиялардан улам, эркектин атын өзүнүн толук ысмынын элементи катары кабыл албаган жаран, ал апасынын атын тандоо укугуна ээ болууга тийиш.

Бул 18 жаштан жогорку ар бир уул-кыз каалоосуна жараша атасынын же апасынын атын алганга мыйзам шарт түзөт дегендик.

Демек, мыйзамдарда жарандардын бул категориясына теңдиктин принциптерин бузууга жана жынысы боюнча басмырлоого тыюу салууга шарт түзбөгөн укуктук ченемдер камтылууга тийиш.

"Көрсөтүлгөн чечим ат коюу менен байланышкан биздин коомдун салттуу жана тарыхый негиздерин эч кандай бузбайт", - деп айтылат Конституциялык соттун маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13208