Нурдан Орунтаев: Коркутуу буга чейин болуп келген, азыр да бар. Биздин менталитет ошондой
RU

Нурдан Орунтаев: Коркутуу буга чейин болуп келген, азыр да бар. Биздин менталитет ошондой

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку милиция кызматкери, тергөөчү жана азыркы Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев коомчулукка Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү учурунда жакшы таанылды.

Акыркы "Батуми" кафеси менен болгон окуядан кийин ага карата сын-пикир, мактоо-жактоолор көп айтылып келет. Мындан улам Kaktus.kg редакциясы "Саясат эле эмес" рубрикасынын алкагында Нурдан Орунтаев менен маек курган.

- Сиз буга чейин берген маектериңизде принцип, өзүңүзгө койгон талаптар тууралуу кеп кылыптырсыз. Принцип дегенде сизге биринчи оюңузга эмне келет?

- Мага принцип деген көп нерсени айтат. Бул бир гана жумушта эмес, үй-бүлөдө, жашоодо дагы өзүн-өзү алып жүрүү. Жумуштагысы: бул ишти туура, так алып баруу. Бул адамдын ички жан дүйнөсүнөн чыккан принцип. Анын баары биздин мусулман динибиздин аркасынан келген. Ал кандай? Ал бирөөнүн мүлкүн жебеш керек, бирөөнүн акысын албоо жана мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюу.

Мен азыр Бишкек шаарынын мэриясында иштеп жатсам, демек - шаардын кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек. Мыйзам бузуулар болсо - туура жолго салуу принциби.

- Мыйзам бузууларды аныктап жатабыз деп жатасыз. Суроо айланып келип "Батумиге" такалып жатат. Окуядан кийин бир күн өтпөй эле "кылмыш иши козголот, Нурдан Орунтаев 3 молн сом берет" деген маалыматтар тарап кетпедиби. Өзүңүз тергөөчүсүз. Сиз процесс кандай жүрөрүн билесиз. Азыр принциптериңизди айтып жатасыз: акча жебеш керек, бирөөнүн мүлкүн албаш керек, таза иштеш керек, малмекеттин кызыкчылыгы.. Сиз "Батумини" бул жерди бузуш керек деп барып эле бузуп салган жоксуз да. Мыйзам бузуулар аныкталды. Сиздер эскертүү бергенсиздер. Буга чейин ал жайды ким коргоп жатканын дагы айткансыз. Тергөөнүн жыйынтыгы менен гана адамды күнөөлүү деп табат да. Анан кантип ошол эле күнү 3 млн сом төгүшүңүз керек болуп калды?

- Бул козголгон кылмыш иштин жүрүшү боюнча кандайдыр бир суроолорго жооп берүүдөн баш тартам. Себеби, ал жакта тергөөнүн купуялуулугу деген нерсе бар. Аны биз сакташыбыз керек.

Экинчиден, кылмыш иши жөн эле козголо бербейт. Кылмыш ишин козгоо - бул окуяны тактоодон кийин билинет. Кылмыш ишинин жагдайлары боюнча ошол тийиштүү органдар териштирүү бүткөндөн кийин өз баасын берет. Ошондуктан бул нерсени азыр талкууласак туура эмес болуп калат деп эсептейм.

- Дегеним, сиз ал жерде кандай мыйзам бузуу болгонун билесиз. Эл дагы окуяны баштан аяк көрдү. Сиз туура эмес иш кылсаңыз анын аркасында эмне күтүп турганын билесиз дегендей. Бул жөндөн-жөн болгон нерсе эмес болсо керек. Азыр комментарий бербейм деп жатасыз. Анда тергөө иши жыйынтыкталмайынча сизге 3 млн сомду төлөйт деп тийиштүү орган айтпаш керек болчу да.

- Ооба. Бирок бул болжолдуу маалымат да. Аны укук коргоо кызматтары берди. Азыркы учурда иш аягына чыга элек. Иш жыйынтыкталганда маалымат берем.

- Мейли. Бирок окуя сизге байлашынтуу болуп жатпайбы. Сиз өзүңүздү күнөөлүмүн деп эсептейсизби

- Эми ар бир адам өзүн күнөөлүүмүн деп эсептесе анда тергөөнүн деле кереги жок болуп калат. Ошол себептен өзүн күнөөлүү деп эсептесе иш козгоонун деле кереги жок.

- Ошол окуя болгондо "Нурдан Орунтаев президент менен, анын баласы менен байланышы бар. Ошол себептен президент жана анын баласына тиешеси жок жердин баарын каалагандай калчап жатат" деген имиштер айтылбадыбы коомчулукта. Өзүңүз жооп берсеңиз кандай байланышыңыз бар?

- Эч кандай байланышым жок. Президент Садыр Жапаров менен мэрдин орун басары болуп дайындалгандан кийин гана чогулуштарда көрүп, жолуккам. Эч кандай баласына же үй-бүлөсүнө тиешем жок. Буга чейин дагы болгон эмес.

- Бош убактыңызда эмне кыласыз?

- Бош убактым аз. Америкада жүргөн досум бар. Ошол досум мага балык уулоо дегенди үйрөтүп койгон. Ошону менен алек болгону аракет кылам.

- Сиз чарчаган жоксузбу? Коркутуп-үркүтүүлөр болот деп жатасыз. Акча сунуштагандар, сиздин принципке туура келбеген нерселер бар деп жатасыз?

- Жок. Чарчаган жокмун. Маселе тажаганда эмес. Маселе ошол ишти туура алып барууда. Эгер, коркуп же тажасак анда иштебей, орунду бошотуп иштечү кишиге бериш керек. Акча берем, мыйзамсыз иштерди бүтүрүп кетем дегендер көп. Аларды акыркы күндөрү көңүлгө деле албай калдык. Телефондон чалышат, ортого киши салышат.

Ал эми коркутуулар мурун эле болуп келген. Ал милицияда иштеп жүргөндө эле болуп келген, бүгүнкү күндө дагы бар. Ошол себептерден улам менин үйүмдөн маек алалы дегенге макул болгонго туура келбей калды. Бул эң биринчи менин үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн. Бирок коркуп да отура бербеш керек. Антип да отура берсек орунду коркпой, иштеген кишиге өткөрүп беришибиз керек.

- Сиз бир үйдүн жалгыз баласы болосуз. Атаңыз сиздин өмүрүңүз үчүн коркпойбу? Сиз өзүңүздүн өмүрүңүз үчүн коркпойсузбу?

- Мен өзүмдүн өмүрүмө коркпойм.

- Ошону билип туруп келгем дейсизби?

- Ошону билип туруп бул кызматка келгем.

- Сиз бул чөйрөгө аралашардан мурда билдиңиз беле, биздин кичинекей болгон Кыргызстанда ушундай коркутуп, үркүтүүлөр болот деп?

- Ооба, билгем. Эми биздин менталитетибиз кичине ушундайга жакын да. Албетте, оңдоого боло турган нерсе. Мындай нерсе болуп келген. Азыр дагы бар. Акырындык менен жоголот деп ишенем. Сиз сурагандай эле, албетте ата-энем коркот, урушат, келинчегим дагы катуу айтат. Бирок менин жогорудагы айткан принциптерим бар. Мен ошол принциптерден тайбашым керек.

Ал эми өзүмдүн өмүрүм боюнча мен коркпойм. Кудайдын буюрганын көрөбүз. Маңдайга жазган тагдырды көрөбүз. Коркуп жүрө берсек мамлекет оңолбойт. Анда Бишкек шаары оңолбойт.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13270