"IQ" мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери УКМК менен прокуратурага арыз жазат
RU

"IQ" мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери УКМК менен прокуратурага арыз жазат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"IQ" мектебин бүтүргөндөрдүн ата-энелери Билим берүү министрлигинин үстүнөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана прокуратурага арыз менен кайрылышат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жактоочу Тимур Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги "IQ" мектебинин абалына шалаакылык менен мамиле кылган.

"Мыйзамга ылайык, бөлүм IQ боюнча мыйзам бузуулар бар болсо, бардык зарыл болгон түзүмдөргө билдириши керек болчу, анда министрлик балдарды башка мектепке которуу, укук коргоо органдарына билдирүү ж.б.у.с. иштерди аткарышы керек эле. Бирок 19-апрелден бери бул ишке ашкан жок, балдар окуусун улантышты, ЖРТ тапшырууга уруксат беришти, алардын маалыматтары аттестат алуу үчүн кабыл алынды, ошондон кийин гана Билим берүү министрлиги аталган мектеп бузуп жатканын билдирип жатат", - деди жактоочу.

Ал Билим берүү министрлиги өзү мыйзамды бузуп жатат деп эсептейт.

"Министрлик IQнын сырттан окууга лицензиясы жок экенин айтууда. Бирок муну менен министрлик мыйзамга каршы келет. Негизи мыйзамга ылайык, лицензия билим берүү ишмердүүлүгүнө берилет, "IQ" мектеби ал иштердүүлүкту аткарып жаткан". Ал эми Билим берүү министрлиги ички жобого шилтеме жасап, окуу жайдын билим берүү формасына лицензиясы болушу керек деп жатат. Башкача айтканда, Билим берүү министрлигинин талабы Кыргыз Республикасынын лицензиялоо мыйзамдарын бузуп жатат", - деди ал.

Анын айтымында, ата-энелер Билим берүү министрлигинин аракеттери боюнча УКМКга жана прокуратурага арыз жазууну көздөп жатышат. Мектеп комиссиянын объективдүүлүгүнөн күмөн санайт.

"IQ" мектебинин директору Мадина Кубаева кошумчалагандай, өткөн жылы бир нече ондогон окуучулар аяктап, алар "сырткы" формада окуган. Анда мекеменин ишмердүүлүгү боюнча бөлүмдө суроолор болгон эмес. Ал мындай кырдаалда министрлик балдардын билим алуу укугун бузуп жатканын белгилейт. Анын айтымында, Билим берүү министрлигинин балдарды башка мектептин 11-классына киргизип, кайра окутуу чечими маселени ого бетер курчутууда.

"Анткени, балдар 11-класстын программасын бүтүп, билимин тастыктап, ЖРТдан жакшы балл алып, ЖОЖдорго тапшырыш керек эле. Лицензия, Билим берүү министрлигинин комиссиясы – бул балдарга тиешеси жок болушу керек. Билим берүү министрлигинин жана мектептин ишинин айынан балдардын бир жыл өмүрү текке кетпеши керек", - деп кошумчалады ал.

Окуучулардын ата-энелери Билим берүү министрлигинин мындай аракетине нааразы.

"Менин балам ЖРТдан 200 балл алды. Чет элдик университеттен биринчи интервьюдан өткөн, окууга тапшырган болчу, документтерин тапшыруу гана калган. Бирок бул окуядан улам уулум такыр эле эч кайда барбай калышы мүмкүн. Билим берүү министрлиги балам кайра 11-классты окушу керектигин айтып жатат. Менин балам дагы бир жыл мектепте отурса, алган билимин кайталайт. Эмдиги жылы университетке тапшыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр болоору анык эмес. Бул баламдын келечегине балта чабуу, мындай кантип болсун?!" – деп ата-энелердин бири ачууланды.

Эске салсак, Токмок шаарындагы жеке менчик "IQ" мектебинин 84 окуучусу жалпы орто билимди аяктагандыгы тууралуу аттестат алышкан эмес. Окуу жайдын жетекчилиги Билим берүү жана илим министрлигинен мектеп окуучуларына жыйынтыктоочу аттестация жүргүзүп, документтерди берүүнү талап кылууда. Ал эми мекеме балдар лицензиясыз окутулганын айтып, бүтүрүүчүлөр кайра 11-классты окушу керектигин белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13746