Окуучуларга аттестат ала албай жаткан "Ай Кью" мектеби документтерин комиссияга алып келди
RU

Окуучуларга аттестат ала албай жаткан "Ай Кью" мектеби документтерин комиссияга алып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүтүрүүчүлөрүнө аттестатын бере албай жаткан Токмоктогу "Ай Кью" жеке мектебинин жетекчилиги комиссияга документтерин алып келди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы kaktus.kg сайтына маалымдады.

Эске салсак, 17-июлда аталган окуу жайдын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүү үчүн комиссия түзүлгөн.

Комиссия буга чейин жерине барганда мектептин бир дагы кызматкерди жолуктурган эмес. Директору Мадина Кубаева телефон аркылуу документтерди 19-июлда көрсөтөм деп убадалаган. Бирок, документтер комиссиянын колуна бүгүн келди.

"Учурда комиссия мүчөлөрү аталган окуу жайдын алып келген документтери менен таанышып жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен кошумча маалыматтар берилет", - деди министрликтин маалымат катчысы.

Эске салсак, аталган мектепти аяктаган 84 окуучу аттестатын ала элек. Алар мектепти экстернат (эки жылдык окуу программасын бир жылда аяктоо) ыкмасы менен аяктаганын бүтүрүүчүлөр.

Минитсрлик "Ай Кью" окуу-тарбия комплекси эле 84 окуучуну экстернатка лицензиясы жок окутканын айтып, адатта экстернатка өтө мыкты окуп, билими менен өзү теңдүү окуучулардан айырмаланган жана эки жылдык программаны бир жылда өздөштүрө алган окуучулар гана кабыл алынарын билдирген. Алардын экстернат боюнча лицензиясы жок болгондуктан Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга аттестат бере албайт жана алар жогорку окуу жайларга кабыл алынбай турганын министрлик айтып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13633