Жеке менчик "IQ" мектебинин айланасындагы аттестат чыры. Комиссия окуу жайды текшерет
RU

Жеке менчик "IQ" мектебинин айланасындагы аттестат чыры. Комиссия окуу жайды текшерет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жеке менчик "Ай Кью" мектебинин айланасында чыр. 84 бүтүрүүчү дагы деле аттестат ала албай жатат.

Билим берүү министрлиги Токмоктогу Ай Кью мектеби быйылкы окуу жылына 84 окуучуну бир жылда тездетилген эки жылдык окууну мыйзамсыз окутканын айтып жатат. Аталган мекеме мектеп директорунун күнөөсү менен мыйзамсыз окуган окуучуларга сырттан окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк берүүгө укугу жок экенин kaktus.kg редакциясына билдирди.

"Ай Кью" окуу-тарбия комплекси жеке менчик окуу жай болуп эсептелет. Күндүзгү жана сырттан окуу формасына лицензия алган, бирок, экстернат (бир жылда 2 классты бүтүрүү) боюнча лицензия алган эмес. "Ай Кью" окуу-тарбия комплекси экстернатка лицензия алуу боюнча эки ирет арыз берген, талапка ылайык шарттары жок болгондуктан лицензия берилген эмес", - деп билдирүү таратты.

Өткөн жылы Билим берүү министрлигинин чечимдерин этибарга албай, жеке окуу комплекси мектепти экстернат катары аяктаган 19 бүтүрүүчүгө мыйзамсыз аттестат берген. Билим берүү министрлиги милициядан мектеп жетекчилигин иликтеп, жазалоону талап кылууда.

Экстренант - бул бир жылда 2 классты бүтүрүү

"Ай Кью" окуу-тарбия комплекси эле 84 окуучуну экстернатка лицензиясы жок окуткан. Адатта экстернатка өтө мыкты окуп, билими менен өзү теңдүү окуучулардан айырмаланган жана эки жылдык программаны бир жылда өздөштүрө алган окуучулар гана кабыл алынат. Алардын экстернат боюнча лицензиясы жок болгондуктан Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга аттестат бере албайт жана алар жогорку окуу жайларга кабыл алынбай турганын айтты.

***

Билим берүү жана илим министрлиги "Ай Кью" окуу-тарбия комплексинин жетекчилиги бир жылда эки классты бүтүрүш үчүн 84 окуучунун ата-энесинен ар биринен 60 миң сомдо 75 миң сомго чейин (болжолу менен жалпы алты миллион сомдон ашык) акча алганын айтып, бул мыйзамсыз жана ата-энелерге кайтарылып берилиши керекдеп эсептейт.

Балдардын укуктарын коргоо үчүн Билим берүү жана илим министрлиги IQ мектебинин билим берүү ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түздү.

Ошондой эле, министрлик бул окуяга байланыштуу түзүлгөн комиссия башка дагы окуу жайларды текшерүүгө аларын маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13416