Экс-министр Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү узартылды
RU

Экс-министр Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы экология министри Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү узарды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан Kaktus.kg`ге билдиришти.

Маалымдалгандай, Биринчи Май райондук соту 7-августта УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Динара Кутманованы 9-октябрга чейин камакта калтырды.

Эске салсак, УКМК 25-июлда Динара Кутманованы коррупцияга шектүү деп кармаган. Ал министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурганга шектелүүдө.

Кутманова менен бирге 9 адамга айып тагылдууда. Алардын катарында экс-министрдин баласы дагы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13844