Динара Кутманова 9-августка чейин камалды
RU

Динара Кутманова 9-августка чейин камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Эске салсак, УКМК бүгүн, эртең менен Динара Кутманованы коррупцияга шектүү деп кармаган. Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө. Кутманова менен бирге 9 адамга айып тагылдууда. Алардын катарында Кутманованын баласы дагы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13638