Экс-министр Динара Кутманова баласы Түркияда уурдалганын айтып чыкты
RU

Экс-министр Динара Кутманова баласы Түркияда уурдалганын айтып чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова баласы уурдалганын Facebook баракчасына жазды. Анда укук коргоо органдары бул тууралуу унчукпай жатканы айтылат.

Экс-министр 24.kg агенттигине кеңири маалымат берген. Айтымында, окуя 27-июнь күнү болгон. Ошол күнү саат 20:35те ага баласы катышкан видеону жөнөтүшкөн.

"Анда уулума тапанча такап турушкан, ал кармалганын айтып жатат. Алар 2 миллион доллар талап кылышып, Кыргызстандан келгендердин буйругу менен деп билдиришти. Убакыт аз дейт. Ошону менен видео аяктап калды. Алгач мага бир күн беришти. Алар (уурдагандар) менин Telegram аккаунтума жаза башташты. Менде андай акча жок деп жаздым. Министр болгонго чейин сатып алган батирим бар дедим. Машина бар. Алар эсептеп, 600 миң доллар сурашты. Сүйлөшүүдөн 60тан ашык скриншот бар. Мен убакыт сурап, аталган мүлктү сатыкка койдум", - деди Динара Кутманова.

Ал белгилегендей, уулун уурдоо боюнча ишти Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев жетектеген. Айтымында, Айтбаев болгон окуяны жалпыга маалымдоо каражаттарына жана коомчулукка билдирбөөнү, уурдагандар Кемелбек Кутмановду майып кылып албасын деп кеңеш берген.

Экс-министр уулу үчүн коркконунан унчукпай жүргөнүн кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин УКМК Жаратылыш ресурстар министрлигиндеги коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, министрликтин жана Жаратылышты өнүктүрүү фонддун жогорку кызматтагы адамдары өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн долбоорлорго лобби жүргүзүшкөн.

УКМК бул иштин чоо-жайын ачыктады. Комитеттин версиясы боюнча, Динара Кутманованын жакындарыанын ичинде уулу Кемелбек Кутманов Жаратылыш ресурстар министрлигиндеги коррупциялык схемаларга аралашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13574