Уюшкан топтун мүчөсү Коён 2 айга камакка алынды. Аны мурда арматура менен сабап кетишкен
RU

Уюшкан топтун мүчөсү Коён 2 айга камакка алынды. Аны мурда арматура менен сабап кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы бассейндердин биринде эс алуучуга кол салган деген шек менен кармалган Коён каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу СИЗОго киргизилди. Анын колу, бутун арматура сындырышканын Kаktus.media сайтына милициядан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Ош шаардык соту Коёнду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, 2023-жылдын январь айында Ошто чуулгандуу окуя катталган. Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү каршы топтун өкүлдөрүн катуу сабаган. Анда топтун бир мүчөсү арматура менен катуу сабалып, колу, буту сынган. Ал эми дагы бирөө качууга аракет кылганда бычактап кетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13952