Крим чөйрөдө Коён каймана аты менен жүргөн жаран кармалды
RU

Крим чөйрөдө Коён каймана аты менен жүргөн жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Крим чөйрөдө Коён каймана аты менен жүргөн жаран кармалды. Ал Ошто шаарындагы бассейндердин биринде эс алуучуга бычак сайган деп шектелүүдө. Маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, 22-июлда болжол менен саат 21:30 чамасында Ош шаардык ооруканасына 2001-жылы туулган жигит кайрылган. Жабырлануучу милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө бассейнде эс алып жатып, белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кеткенин, натыйжада белгисиз адам бычак менен бел тарабына сайганын айткан.

Териштирүүнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 1995-жылы туулган Н.М. экени аныкталып, кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон жана кылмыш чөйрөсүндө "Коён" деген ат менен белгилүү экендиги аныкталды.

Анын аракети боюнча 280-берене менен кылмыш иши козголуп, 9-август күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 11-август күнү анын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13907