Ошто арматура менен сабалган жарандын машыгып жаткан видеосу
RU

Ошто арматура менен сабалган жарандын машыгып жаткан видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын январь айынын ортосунда Ошто резонанстуу кылмыш болгон. Анда уюшкан кылмыштуу топтордун биринин өкүлдөрү каршылаш топтун мүчөлөрүн мыкаачылык менен өлтүрүп, жарадар кылышкан. Жабырлануучулардын бири арматура менен ур-токмокко алынган, экинчиси окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылганда бычакталып каза болгон.

Жабырлануучулардын биринин абалы өтө оор болчу жана дарыгерлер ал майып болуп калышы мүмкүн дешкен. Бирок жакында эле социалдык тармактарда видео жарыяланып, андан уюшкан кылмыштуу топтун "Коён" каймана аттуу мүчөсү машыгып жатканын көрүүгө болот.

Видеодо жарандын эки бутуна реабилитация үчүн фиксатордук аппараттар орнотулганы көрүнүп турат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жакынкы аралыкта ал өз алдынча кыймылдап, басып калат.

Эске салсак, Оштогу жаңжал боюнча кылмыш иши козголгон. Издөөдө жүргөндөрдүн баары кармалган. Алардын арасында кримавторитет Кадыр Досонов да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10344