Кемпир-Абад иши. Камактагылар мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты
RU

Кемпир-Абад иши. Камактагылар мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөн камактагы саясатчылар, активисттер жана журналисттер ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу 21-августта сот залында саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Равшан Жээнбеков билдирди.

Алар сот отурумдары жабык өтүп, иш материалдары менен таанышуу тартиби аныкталбай жатканына нааразы.

"Биз мындай мыйзамсыз процесстерге катышпайбыз жана мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайбыз. Президентке, Жогорку Кеңешке, эл аралык уюмдарга кайрылабыз, биздин ачкачылык жарыялоодон башка аргабыз жок. Камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчтөрү сотто күн тартибине киргизилген эмес. Ошондой эле соттук отурумду жабык өткөрүү боюнча чечим жок", - деди Бекназаров.

Натыйжада соттук отурум 5-сентябрга жылдырылды.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14051