Чек ара чырында өрттөлгөн Ак-Сайдагы тоок ферма. Ишкердин уулу жаңы ишкана ачты
RU

Чек ара чырында өрттөлгөн Ак-Сайдагы тоок ферма. Ишкердин уулу жаңы ишкана ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы чек ара окуясында тоок фермасы өрттөлүп, өзү каза болгон ишкер Матиса Надыровдун уулу Адилет Абдувалиев 6 ай аралыгында жаңы ферманы түзүүгө жетишти. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Чет-Булак кварталындагы өнөр жай зонасына курулган жаңы ишкана менен президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алды.

Учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган. Жабдуулар Түркия мамлекетинен алынып келген. Иш процесси заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган ыкмада жүрөт. Жакынкы күндөрү тоокторду алып келүү күтүлүүдө. Өндүрүлгөн продукция импорт жана экспортко чыгат.

Ферма пайдаланууга берилсе күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алынып, жалпы 15 жумушчу орун түзүлөт.

Белгилей кетсек, тоок ферманы куруу үчүн ишкер Адилет Абдувалиевге мамлекет тарабынан 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев облустагы алгачкы автоматташтырылган ыкмада иштеген эң чоң ишкананын толук кандуу ишке кириши, мамлекеттин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Эске салсак, ишкер Адилет Абдувалиевдин атасы Матиса Надиров Баткен районунун Ак-Сай айылында алгачкылардан болуп тоок фермасын ачып, Баткен аймагын жумуртка менен камсыздап турган. Ишкердин фермасы 2022-жылдын сентябрь айында чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, ал эми өзү каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14056