Жарандык коом бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдын кесепеттерин айтып, кабыл албоого чакырды
RU

Жарандык коом бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдын кесепеттерин айтып, кабыл албоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жарандык коому "Чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө" мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы. Бул тууралуу алар өз кайрылуусунда айтышат.

Кайрылууда Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин 25 депутатынын (Н. Нарматованын, Ж.Садырбаеванын, Г. Култаеванын жана башкалардын) мыйзам чыгаруу демилгесине терең тынчсызданып жаткандыгын билдиришти.

Кайрылуу текстин толугу менен беребиз.

"Депутаттар 2023- жылдын 19-майында парламентке "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун киргизишти. Аталган Мыйзам долбоорунун тексти Россиянын 2012-жылдагы "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамына дээрлик окшош. Мыйзам долбоору "Чет элдик агенттер жөнүндө" мыйзамдан "агент" деген сөз "өкүл" деген сөзгө алмаштырылганы менен гана айырмаланат.

  • Мыйзам долбоорунун көптөгөн жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана адам укуктарын бекемдеген негизги демократиялык принциптерге карама-каршы келет.
  • Мыйзам долбоорунун бир катар жоболору Кыргызстан 1994-жылдан бери катышуучу болуп келаткан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын (ЖСУЭП) жоболоруна каршы келет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунун негизинде "иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине Кыргыз Республикасында тыюу салынат". Бул норма толук болуп саналат жана демилгечилер тарабынан сунушталган колдонуудагы мыйзамдарга кошумча жөнгө салуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын жокко чыгарат.

Учурда колдонуудагы мыйзамдар, анын ичинде Кылмыш-жаза кодекси, Граждандык кодекси жана Салык кодекси, ошондой эле башка ченемдик укуктук актылар КЭУлардын ишин укуктук жөнгө салууну жетиштүү деңгээлде камсыздайт, жогоруда аталган мыйзам долбоорунда демилгечилер тарабынан жөнгө салынуучу тобокелдиктерди жокко чыгарат. Мыйзам долбоору мамлекеттик органдарга КЭУлардын жана ЧКЭУлардын ички иштерине кийлигишүүгө, ошондой эле иш жүзүндө мындай өзүм билемдикти чектей турган кандайдыр бир административдик эрежелерсиз, алардын иш-аракетин өз ыктыярына жараша токтотууга же аларды жоюуга кеңири укуктарды берүүнү сунуштап жатат. Муну менен мыйзам долбоору КЭУлар үчүн коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салууда параллелдүү колдонулбаган тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратууда.

Эл аралык тажрыйбага ылайык, кандайдыр бир жеңилдиктерди колдонууга укук берген кайрымдуулук же коомго пайдалуу уюмдун атайын статусу жок уюмдардын иш-аракетин укуктук жактан жөнгө салуу коммерциялык уюмдардын иш-аракетин укуктук жөнгө салууга окшош болушу керек.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда бардык КЭУларга, анын ичинде калкка социалдык кызматтарды көрсөткөн кайрымдуулук жана гуманитардык уюмдарга да терс таасирин тийгизет.

  • Жогоруда саналып өткөн оор талаптар Кыргызстандын коммерциялык эмес секторуна жана экономикасына чет өлкөлүк инвестициялардын кыскарышына алып келет.
  • Мунун кесепетинен өлкөнүн калкы өтө муктаж болгон КЭУлардын социалдык кызмат көрсөтүүлөрү да азаят.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери тарабынан өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келаткан Кыргызстандын КЭУларынын ишинин маанилүүлүгүн жана масштабын толук баамдай албай жатат. КЭУлар калктын аярлуу топторунун укуктук жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө активдүү көмөк көрсөтөт, мамлекет жана рыноктук институттар тийиштүү деңгээлде аткарууга күчү жетпеген функцияларды аткарып, муну менен коомдогу социалдык чыңалууну азайтышууда.

Кыргызстандагы КЭУлар Кыргызстан үчүн оор күндөрдө, өзгөчө кырдаалдарда, 2010- жылдагы июнь окуяларында, COVID-19, Баткен окуяларында жана башка учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана калкка ишенимдүү жөлөк болуп, тикелей жардам көрсөтүштү, калыбына келтирүүгө көмөктөшүү жана муктаж болгондорго жардам көрсөтүп, эл аралык уюмдардан каражаттарды тартышты.

Мыйзам долбоорунда "КЭУлар үчүн чет өлкөлүк жардам – бул Кыргызстанга коркунуч туудурган туруксуздаштыруучу күч" деген ой камтылган. Бирок Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жардамдын эң чоң, олуттуу бөлүгү мамлекеттик органдарга, анын ичинде өкмөт, Жогорку Кеңеш, министрликтер жана ведомстволорга берилүүдө. Чет элдик жана эл аралык уюмдар жардамдын чон бөлүгүн коммерциялык секторго көрсөтүп турушат. Буга байланыштуу Кыргызстандын КЭУлар секторуна берилген чет өлкөлүк жардамда гана улуттук коопсуздукка коркунучту көрүү адилетсиз болот.

Демократиялык салттар менен курулган дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө уюмдар (анын ичинде КЭУлар) мамлекеттик колдоого ээ жана чет өлкөлүк каржылоону алып жана аны түрдүү мыйзамдуу ишмердүүлүк менен алектенүү, анын ичинде мыйзам реформаларын сүрөө, түрдүү маселелер боюнча альтернативалуу чечимдерди сунуштоо, шайлоо убагында байкоочулар катары катышуу же тигил же бул чөйрөдө саясатты иштеп чыгууда мамлекетке жардам берүү ж.б. үчүн пайдалана алышат. Демократиялык өлкөлөрдө чет өлкөлүк каржылоо маселелеринде айрым чектөөлөр уюмдардын тар топторуна карата (мисалы, саясий партияларга) жана кээ бир ишмердүүлүктүн так аныкталган түрлөрүнө карата (мисалы, мамлекеттик органдарга талапкерди колдоодо шайлоо кампанияларын каржылоодо) орун алат. Мындай чектөөлөр жана жарандардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да бекитилген.

Албетте, Кыргызстан өзүнүн улуттук коопсуздугуна жана эгемендүүлүгүнө карата коркунучтардын алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшү керек. Бирок Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери КЭУну мыйзамсыз иш-аракет жасаганы, өлкөгө зыян келтирүү үчүн пайдалануунун бир дагы фактылары болбогонун эске алганда КЭУларды бул коркунучтун өзгөчө булагы катары кароо жаңылыштык болуп саналат.

Биз улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган уюмдар кошумча бюрократиялык тоскоолдуктарды орнотуп, КЭУларды жапырт текшерүү жолу менен эмес, тигил же бул уюм Кыргыз Республикасынын учурда колдонуудагы мыйзамдарын бузган фактысы боюнча аныкталууга тийиш деп бекем ишенебиз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо маселелеринде Борбор Азиядагы жана КМШдагы эң прогрессивдүү өлкөлөрдүн бири катары татыктуу абройго ээ. Кыргызстанда жарандык коом парламентке, президентке жана Министрлер кабинетине өздөрүнүн негизги вазыйпасын аткарууга – жарандардын турмуш шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүп келатат. Тилекке каршы, мыйзам долбоорунун жоболору Кыргызстандын бул чөйрөдөгү күч-аракеттерин жокко чыгарып, артка кайтарууда, бул жоболор мамлекеттин адам ресурстарын өнүктүрүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, демократиялык мамлекет катары туруктуу позицияларды кармоо үчүн өз жарандарынын жана эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болуу жөндөмдүүлүгүн алсыратууда.

КЭУлардын иш-аракетинин эркиндигин чектөө өлкөнүн өнүгүүсүнө эч кандай салым кошпойт деген ишенимдебиз.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу көпчүлүк КЭУлардын ишин токтотууга алып келет, калктын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирет, мындан тышкары эл аралык аренада демократиялык мамлекет катары Кыргызстандын аброюн түшүрөт.

Калктын аярлуу катмары, анын ичинде мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандар жана балдар, зомбулуктун ар кандай формаларынын курмандыктары тийиштүү жардамсыз жана колдоосуз калат, бул коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет, өлкөдө, коомдогу социалдык чыңалууга алып келет.

Жоопкерчиликти баамдап, мыйзам долбоорунун басмырлоочу мүнөзүн, анын Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине каршы келээрин, ошондой эле ал кабыл алынган учурда коом үчүн терс кесепеттерин эске алуу менен биз төмөнкүдөй чакырык жасайбыз:

Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбоорун четке кагууга үндөйбүз", - деп айтылат кайрылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14429