Акыйкатчы бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды чакыртып алууну сунуштады
RU

Акыйкатчы бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды чакыртып алууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демигечилерине аны чакыртып алууну сунуштады. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган институт бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун улуттук мыйзамдарга жана укуктарды камсыздоо жаатындагы эл аралык талаптарга шайкеш келүүсүн талдап чыккан.

Ага ылайык, акыйкатчы "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" КРнын мыйзамы) жана КРнын Кылмыш Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилерине адам укуктары менен эркиндиктеринин эл аралык стандарттарын камсыздоо, КРнын Конституциясынын талаптарын так аткаруу максатында аталган мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады.

"Ошондой эле акыйкатчы демилгечилерге ушул долбоордун жаңы редакциясын эксперттерди тартуу менен кайрадан иштеп чыгууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Депутаттардын ою боюнча, саясий ишмердүүлүк менен алектенген жана чет өлкөдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк өкүлчүлүк статусуна ээ болуп, атайын отчёттуулук режиминде иштеши керек. Эң негизгиси - так жазылбаган мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да, каалаган жаран да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Эксперттер менен юристтер мыйзам долбоору Кыргызстандын Конституциясына жана эл аралык келишимдерге каршы келерин, ошондой эле Россиянын мыйзамдарынын көчүрмөсү деп белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13491