Юрист: Кыргызстан өзү "чет өлкөлүк өкүл" болуп калуу коркунучу бар
RU

Юрист: Кыргызстан өзү "чет өлкөлүк өкүл" болуп калуу коркунучу бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Юрист Таттыбүбу Эргешбаева учурда көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүп келет. Ал "Чет өлкөлүк өлүк" жөнүндөгү мыйзам долбоорунун күңгөй-тескейи менен kaktus.kg редакциясына бөлүштү.

"Чет өлкөлүк өкүл" мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова 8 жылдан бери ишке ашыра албай келет.

2023-жылдын 19-майында парламенттин 33 депутаты, анын ичинде саясий беделдүү өкүлдөр Кыргызстанда "чет өлкөлүк агент (өкүлдөр)" туурасында мыйзам долбоорун демилгелешкен. "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын депутаты Надира Нарматова тарабынан илгерилетилген алгачкы документ "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга" жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү болжойт. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан эртерээк кабыл алынып, 2023-жылдын июль айынын аягынан кеч эмес мыйзамды ишке ашыруу аракети жүрүп жатат.

"Чет элдик тыңчылар" жөнүндөгү мыйзам алгач, 2014-жылы 26-майда Жогорку Кеңешке сунушталган. Демилгечилердин катарында Надира Нарматова да болгон. Андан сырткары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев да бар болчу.

Кийин буга окшош эле долбоор 2016-жылы сунушталган. Анда Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берип, артка кайтарылган.

Бул сыяктуу мыйзам 2019-жылдын декабрында да депутат Бактыбек Райымкулов тарабынан сунушталган. Анда дагы мыйзам долбоору сынга кабылып, анын көпчүлүк бөлүгү Россиянын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамына окшош экени ачыкталган.

- Депутаттар эс алууга кетээрдин акыркы күнүндө бир күндө 50 мыйзам долбоорун караганга үлгүрүштү. Коомчулуктун дагы сынга алганы ушунда: бийликке керектүү мыйзам долбоорлору болгон учурда документтер регламенттин тартиби менен эмес, керек болсо эки окууда, үч окууда бир күндө кабыл алынып кеткен учурлар кездешет. Бийлик аталган мыйзамдан эмнеге коркуп жатат?

- Менин жеке оюмда ар кандай мыйзам демилгелери - депутаттар, ар кандай мыйзам демилгелөөчү субьекттер тарабынан сунушталышы мүмкүн. Ага чектөө жок. Бир гана компетенттүү мамлекеттик мекемелери тарабынан сапаттуу экспертизалар берилиши керек. Экинчиси, депутаттар өздөрү канчалык концептуалдуу документтерге, программаларга, андан сырткары Конституция, мыйзамдарга карама-каршылыктар жокпу деген суроо бериш керек.

Ошондой эле саясий тармакта иштеген адистер жакшы аналитика кылыш керек. Канчалык түрдө Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясатты карманат?

Кээ бир учурларда болот: ар бир геосаясий өлкө Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга көбүрөөк таасир кылуу менен иш-чараларды жүргүзөт. Ошондуктан Борбор Азияга анын ичинен Кыргызстанга саясий чечим кабыл алуу бул өтө кыйын. Бул бир гана "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамынын негизинде эмес, социалдык-экономикалык блокту дагы жүргүзүү кыйын.

***

- Кыргыз Республикасынын дүйнө жүзүндөгү үлүшүнүн экономикалык өлчөмү 0,02%ды түзөт. Бул бир пайызга жетпеген сан, өтө аз. Ал учурда АКШнын дүйнө жүзүндөгү экономикалык өлчөмү 30%дан көп, Кытайдыкы 17%, Россияныкы 2%. Бул чоң геосаясий өлкөлөрдүн өзгөчө өлчөмү. Алардын жабык саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстан көп учурларда, биринчи иретте мамлекет өзү "Чет өлкөлүк өкүл" деп саналып калышы мүмкүн, биз ошондон коркушубуз керек.

Эмнеге дегенде эл аралык финансылык фонддон, эл аралык валюталык фонддон, Азия өнүктүрүү банкы сындуу көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык финансылык институттардан колдоо келет. Анын бардыгын экономика министрлигинин сайтынан биздин жарандар таап, окуп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Маалымат ачык, жабык эмес.

Кыргызстанга бир гана батыш жардам бербейт: Түркия жардам берет, Араб өлкөлөрү кандай жардам берет? Канча инфраструктураларды салды. Ошолордун баары эртең - "Чет өлкөлүк таасир" деген категория менен элдин ар кандай топтору ортосунда уруштун башталышына, түшүнбөстүктөргө алып келиши мүмкүн.

Эртең, керек болсо бийликке жакпаган бийлик өкүлү дагы ошол категорияга кирип, чет өлкөлүк өкүл болуп калышы мүмкүн.

- Эмнеге Надира Нарматова бул мыйзам долбоорун 8 жылдан бери ишке ашырууга аракет кылып келе жатат?

- Кыргызстанда бир гана Надира Нарматова сунуштанган мыйзам эмес, көптөгөн улуттук коопсуздукка дал келбеген Кыргызстандын дэ-юро, дэ-факто суверендүүлүгүнө таандык эмес болгон мыйзам демилгелери көп. "Чет өлкөлүк өкүл" деген мыйзам долбоору ошолордун эле бири. Мындай маселелер көп. Ошондуктан Надира Азимовна демилгелеген мыйзам улуттук коопсуздукка дал келбеген документтин бири.

***

Эми биз өнүгүп келе жаткан өлкөбүз. Бизде концептуалдуу түрдө аналитикалар жасалбайт. Асмандан алып эле, саясатта отуруп калдым, таанышым-билишим, көчүрүп алып келип коёбуз. Кээ бир учурда бирөөгө жагынуу үчүн жасап коёбуз, кээде өз чөнтөгүн ойлонуп кылып коюшат.

- "Жалпыга маалымдоо каражаттар" тууралуу мыйзам долбоору тууралуучу... ?

- "Жалпыга маалымдоо каражаттар" тууралуу дагы өзгөчөлүктөр бар. Эл аралык стандарттардан бир топ алыстаган. Кыргызстан көптөгөн эл аралык нормаларды ратификациялаган. Ошого карабастан ал жерде дагы өзгөртүүлөр бар. Өзгөчө Конституциялык нормалардан, биздин програмдуу документтерден алыстаган өзгөчө бир сапатсыз, агрессивдүү риторика менен мыйзамдык концепция сунушталып жатат. Эми ал дагы күзгүгө калды. Күзүндө көрөбүз.

Бирок анын дагы залал берүүчү, сапатсыз, эркиндикке, медианын эркиндигинин көз карандысыздыгына көптөгөн чектөөлөр көрсөтүлгөн.

Бул прокуратура тарабынан ММКларга карата көзөмөлдү күчөтүү. Негизи медиаларга карата контроль бар. ММКнын баары сертификациядан өтүшөт. Бирок ага карабастан көзөмөл андан үч эсе күчөп жатат.

Ошондой эле медиаларга карата өзгөчө экстремисттик-террористтик нормалар административдик кылмыш-кодекстеринде күчөтүлөт деген норма менен мыйзамдык долбоор сунушталып жатат. Бирок инфо чөйрөдө андай механизмдерди мыйзам аркылуу эмес, окутуу, тренингдер, агартуу аркылуу жайылтууга болот.

Үчүнчүдөн, бизде фейк деген концепция кирген. Анда маалыматтарды фейк деп санайт дагы, Маданият министрлиги өзү эле аныктап туруп, бир медианы убактылуу, экинчисин узак мөөнөткө иштетүүнү чечип коёт. Бул дагы өзгөчө бир кысым кылуучу, авторитардык режимге дал келген мыйзамдык механизмдер.

- Өзүңүздү келечекте саясаттан көрөсүзбү?

- Бул нерсеге мен мындай карайм: мен бүгүнкү жашоомо ыраазымын. Мындан ары маңдайыма эмне жазылган болсо ошону көрөбүз. Мамлекетке иштеп берүү планымда бар. Кандай ролдо, кандай орунда маанилүу эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13488