Жаңы-Жер айылында адам өлүмү менен аяктаган тургундардын чыры. Шектүүлөр кармалды
RU

Жаңы-Жер айылында адам өлүмү менен аяктаган тургундардын чыры. Шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында тургундар ортосундагы жаңжалдан бир киши каза болуп, дагы бир адам жабыркаган. Чүй ОИИББи кылмышка шектүүлөр кармалганын кабарлады.

Белгилесек, 22-сентябрда Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына ок тийип каза болгон Жаңы-Жер (20-хутор) айылынын 1954-жылы туулган А.А. аттуу тургуну жеткирилген. Андан тышкары Жаңы-Жер айылынын (20-хутор) 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жашоочусу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча 122-берене ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул окуя Жаңы-Жер айылындагы жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында "улууларды сыйлоо" эрежесин сактабагандыктан келип чыкканы аныкталган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 100дөн ашык адам суракка алынып, 27 жерде тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз курал-жарактар жана ок-дарылар табылган. Ал эми кылмышка шектелип төмөнкү жарандар кармалды:

  • 1954-жылы туулган Д.М.
  • 1988-жылы туулган М.М.
  • 1997-жылы туулган М.М.
  • 1990-жылы туулган Д.Г.
  • 1998-жылы туулган М.М.
  • 1958-жылы туулган А.Х.

Милициядан кошумчалашкандай, адам өлтүрүүгө шектелгендер белгисиз тарапка качып, издөөгө алынганын, 26-сентябрда саат 03:00 чамасында алар кармалганын кошумчалады.

Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жүргүзүлүп жаткан бардык иштер ИИМдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14560