"Баш тартпайм". Таштандыдан табылган ымыркайдын апасы кандай шартта төрөгөнүн айтып берди
RU

"Баш тартпайм". Таштандыдан табылган ымыркайдын апасы кандай шартта төрөгөнүн айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте таштандыга ымыркайын калтырып кеткен келин кандай шартта көз жарганын, мындан ары эмне кыла турганын Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине айтып берди. Аталган институттан билдиришкендей, келин да, ымыркай да учурда ооруканада.

Институттун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик кызматтардан баланын абалы тууралуу маалымат алышты. Дарыгерлер берген маалыматка караганда, ымыркай дагы деле төрөт үйүндө дарыланууда.

Ошондой эле баланын апасынан да кабар алышып, келин операция жасатуу үчүн ооруканага кайрылганы белгилүү болду.

Ал кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып, баланы эч кимдин көмөгү жок эле үйдөн төрөгөнүн билдирген. Айтымында, катуу коркуп жана стресс абалында баланы таштанды челекке таштап салган. Келин баланын атасы ким экенин тууралуу маалыматты айтып берүүнү каалаган эмес. Бирок баланын атасы ким экенин билет.

"Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат", - дейт ымыркайдын апасы.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен 14-ноябрда А.С. сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Акыйкатчы наристенин укуктарын коргоону камсыздоо тапшырмасын берип, бул ишти жеке көзөмөлүнө алды. Ошондой эле мамлекеттик органдарды баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14967