Таштандыдан табылган балага Садыр эмес, башка ысым берилди
RU

Таштандыдан табылган балага Садыр эмес, башка ысым берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте таштанды челектен табылган наристеге №1 төрөт үйүнүн дарыгерлери Садыр деген ысым ыйгарышканы маалымдалган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Kaktus.kg сайтына ымыркайга андай ысым берилбегенин айтышты.

Азырынча балага кандай ат коюлганын ведомстводон ачыкташкан жок.

"Эгерде баланын ата-энеси жок болсо ага социалдык кызматкерлердин ысым берүүсүнө уруксат каралган. Бул окуяда баланын энеси бар. Азыр келин тергөө иштеринен өтүп жаткандыктан ымыркайга ысым ыйгарып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү бир аз кыйынчылык жаратып жатат. Андыктан баланын ысымы кандай экенин билбейбиз, биздин колубузга күбөлүк тие элек", - дешет мекемеден.

Белгилесек, 15-ноябрда таштандыдан табылган баланы таенеси багып алууга даяр экенин билдиргенин аталган министрликтен кабарлашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14953