Баласын таштандыга калтырып кеткен келин СИЗОдон чыкты
RU

Баласын таштандыга калтырып кеткен келин СИЗОдон чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жаңы төрөлгөн баласын таштанды челекке калтырып кеткен келиндин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, СИЗОдон чыкты. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.

Такталгандай, 14-ноябрда Октябярь райондук сотунда Октябрь РИИБдин тергөөчүсүнүн келиндин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү канааттандырылды. Шектүүнүн учурдагы дарыланып жатканы эске алынып, эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

21 жаштагы келин ооруканалардын биринде дарыланып жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, 8-ноябрда Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылып, "Тез жардам" кызматы менен №1 төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген.

15-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги таштандыдан табылган баланы таенеси багып алууга даяр экенин билдиргенин кабарлаган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: PrimaMedia.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14956