Айылдашын бычканга шектелген кишинин аялы үн катып, 5 айдан бери миграцияда экенин айтты
RU

Айылдашын бычканга шектелген кишинин аялы үн катып, 5 айдан бери миграцияда экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Куршаб айылында эркек кишини бычып салууга айыпталган кишинин аялы кайрылуу жасады. Соцтармактарга тараган видеодо аял 5 айдан бери Россияда экенин айтат.

Айтымында, жолдошу экөөнүн ортосунда 5 баласы бар.

"Күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга 20 жыл болду. Кичүү келин болгондуктан 20 жыл бою кайненем менен чогуу жашайбыз. Үйгө кайын журттан меймандар көп келет. Алардын сөздөрүнөн үйдө чыр көп чыгат. Күйөөм анын айынан мени көп урчу. Анын кордугуна чыдап, 20 жылдан бери балдарым үчүн жашап келе жатам. Балдарымды, кыздарымды да уруп, көчөгө кууп чыккан күндөрү болду, - дейт ал.

Россияга келгенинин себебин мындайча түшүндүрдү.

"Июнь айында 7-класстагы баламды сабап жаткан экен, болуша калсам мени кошо көгала кылып сабап салды. Ошондон кийин 3 күн сүйлөшпөй жүрдүк, 3 күндөн кийин "мойнуңдагы так каяктан ким менен болдуң" деп чыкты. Балдардын баары эшикте жүргөндө үйгө алып кирип, кой байлаган аркан менен байлап, жерге кулатып, буту менен желкемден басып, ура баштады. "Аяшың менен жаткансыңбы" деп баштады. Анын бул жерге эч кандай тиешеси жок. Бизде уруш чыкканда аялы экөө ажыратып кетчү. Бир жагынан бизге тууган болот. Күйөөм менен классташ. Бир мектепте окуганбыз. Кайын журттун сөзүнөн ушул окуя болду деп ойлойм. Аяшым экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес. Мен Кудай алдында акмын дедим", - дейт.

Окуя 14-ноябрга караган түнү Куршабда болгон. Милициянын маалыматы боюнча 44 жаштагы киши айылдашын үйүнө чакырып, алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, үй ээси айылдашына бычак менен жаракат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14970