Өзгөндө бычылды деген кишиге операция жасалган. Учурдагы абалы
RU

Өзгөндө бычылды деген кишиге операция жасалган. Учурдагы абалы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Куршаб айылында 44 жаштагы киши бычылганы маалымдалган. Окуя 14-ноябрга караган түнү болуп, жабырлануучу аймактык ооруканага түшкөн.

Бүгүн, 17-ноябрга карата бейтаптын абалы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги Kaktus.kg сайтына маалымат берди.

14-ноябрга караган түнү саат 02:40 чамасында Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасына оор абалдагы жабырлануучуну туугандары жеткиришкен. Ал травмалык шок абалда болгон.

"Бейтаптын абалынын, алган жаракатынын оордугу эске алынып, чукул операция жасоо, андан интенсивдүү дарылоо үчүн дароо кабыл алынган. Бүгүнкү күндө абалы орто оор деп бааланууда. Реанимациядан урология бөлүмүнө которулду", - дешти министрликтен.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14968