"Мадина" базарынын кожоюну Салимовдун уулуна да сыртынан айып тагылды
RU

"Мадина" базарынын кожоюну Салимовдун уулуна да сыртынан айып тагылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИТТИПАК уйгур диаспорасынын лидери, "Мадина" базарынын кожоюну Турсунтай Салимовдун уулу Салимов Ильшат Турсунтаевичке издөө жарыяланды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында улуттук коопсуздук органдары тарабынан Салимов Ильшат Турсунтаевичке төмөнкү беренелер менен айып тагылып, издөөгө алынды.

  • 263-берененин 1-бөлүгү ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо");
  • 224-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү ("Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү").

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ильшат Салимов К. Көлбаевдинн таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен өзүнүн өнөктөштөрүн ар кандай бизнес-долбоорлордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, кирешесинен жер тилкелерин сатып алып, үлүштүк катышууга жамынып, К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылган дешет комитеттен.

Мындан тышкары И. Салимовдун курулуш компанияларында үлүшү бар.

  • Анын Бишкек шаарындагы 3 гектардан ашык жер тилкесине курулуш компаниялары премиум класстагы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат.
  • Курулуп жаткан үйлөрдө жалпы баасы болжол менен 12 миллион долларды түзгөн 110дон ашык батирлери (11 миң м2) бар. Белгилей кетсек, Салимовдордун үй-бүлөсү К. Көлбаевдин камкордугунан активдүү колдонушкан, анын колдоосу менен курулуш жаатында бардык объектилери ишке ашырылган.

1995-жылы "Мадина" ЖЧКсы (ээси Т.Салимов) мурдагы №155 бала бакчанын (Чыгыш-5 кичи району, №18/1, азыркы "Прадо" эс алуу жайы, болжолдуу баасы 5 млн долларды түзөт) имаратын "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" компаниясынан менчикке өткөрүп алган. Андан соң ата, бала мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мыйзамдаштырууну көздөп, курулуш компаниялардын бири менен премиум класстагы көп кабаттуу турак жайды куруу боюнча келишим түзүшкөн. Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири - компания турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги катары кымбат батирди (баасы 500 миң доллар) бериши керек болчу. Андан кийин мурдагы бала бакчанын аймагына турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок И.Салимов берилген батирди кайтарып берүүдөн баш тартып, К. Көлбаев менен биргеликте ишкерлерге кысым көрсөтүү жолу менен башка адамдардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк ал батирди К. Көлбаев Чолпон-Ата шаарындагы мурдагы "Зодиак" казиносунун ордуна соода борборун куруу максатында жер тилкеге алмаштырган.

И.Салимов "Т.S. Group" ЖЧКсынын уюштуруучуларынын бири катары "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ААКдан болжолдуу баасы 11,5 млн долларга жакын, аянты 4,5 га кампа жайларын мыйзамсыз чыгарып алган.

Бул фактылар менен катар К. Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун мыйзамсыз иштерине Салимовдордун үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган. Тактап айтканда, И.Салимовдун Чолпон-Ата шаарындагы "Каганат" эс алуу борборунда К. Көлбаевдин коттеджинин жанында жайгашкан 600 миң долларлык коттеджи бар, ошондой эле курулуп жаткан "Каганат Резорт" эс алуу борборунда 700 миң долларлык дагы бир коттеджи бар.

Шаардын борборунда жалпы баасы 700 миң долларды түзгөн бир нече кымбат батирлерге ээлик кылат. Жүк ташуу, коомдук тамактануу, курулуш ж.б. боюнча адистешкен бир нече ишканалардын ээси.

Жогорудагы адамдын жүргөн жери, рейдерлик жол менен басып алуу фактылары же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча маалымат болсо кабар берип коюуну УКМКдан суранышат. Байланыш номери: 0312-660475, 0312-626504.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14985