УКМК: "Мадина" базарынын ээси кримавторитет Көлбаевдин кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылган
RU

УКМК: "Мадина" базарынын ээси кримавторитет Көлбаевдин кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК "Мадина" базарынын кожоюну менен кримавторитет Камчы Көлбаевдин кандай байланышы бар экенин, ага карата кайсы беренелер менен иш козголгонун тизмектеди.

Коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө, 267-беренесинин 2-бөлүмүндө жана 37-беренесинин - 122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар кылмыштуу топтун 20дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.

"Алардын арасында Турсунтай Салимов дагы бар, ал мурдагы жана азыркы криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык байлыктарын тынымсыз көбөйтүп, алардын топторунун жашоо шартына колдоо көрсөтүп келген.

Т.Салимов кримавторитет Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө дайыма демөөрчүлүк кылгандыгы, тактап айтканда, ал топту (общак) каржылап, укук коргоо органдарынын, сот системасынын жана башка мамлекеттик кызматтардын коррупционерлерине пара берүү жолу менен жашоо тиричилигин жана кылмыштуу жазадан кутулуу аракетин көрүп келгени аныкталды.

Мындан тышкары ишкер Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелериндеги уюшкан топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын чыңдоо жана аларды кармоо шарттарын жакшыртуу максатында ар кандай нерселерди (грев) берип келгени такталды.

Алынган маалыматтарга ылайык, Салимов мыйзамдагы ууру Көлбаевдин жана анын кылмыштуу байланыштарын мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу жана кысым көрсөтүү максатында пайдаланып, алардын активдерин жана бизнес долбоорлорун куугунтуктоого, өзүнө ыйгарып алган фактылар аныкталды", - дешет комитеттен.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 9-октябрда Турсунтай Салимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май соту тарабынан 4-декабрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

УКМК өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана анын көрүнүштөрүнө каршы элдешкис күрөш уланып, анын жыйынтыгы коомчулукка үзгүлтүксүз жеткириле турганын белгилейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14695