Эрназар Акматалиев: эски желегибиз эле жакшы болчу, бирок, жаңы менен деле чыга берем
RU

Эрназар Акматалиев: эски желегибиз эле жакшы болчу, бирок, жаңы менен деле чыга берем

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эркин күрөш боюнча улуттук кураманын мүчөсү Эрназар Акматалиев мамлекеттик желек кайсыл болсо, ошол желек менен чыга берем деп kaktus.kg редакциясына билдирди.

Бүгүн эле балбан Жоламан Шаршенбековг эски желек менен эле эл аралык мелдешке чыгам деп комментарий берип, ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берип, аракет эле кылып көрсүн деп жооп берген.

Ал желектин алгачкы үлгүсү жакшы болчу деп, анын алдында көптөгөн ийгиликтерге жеткенин белгилеп, бардык жаман нерсени эскиге байлаган туура эмес деп кошумчалады.

"Мирлан Самыйкожо түшүндүрүп бергенден кийин ойлонуп калдым. Негизи, эски желек менен эле калганыбыз жакшы болчу. Бардык эле жаман нерсени эскиге байлай бергенде туура болбой калат го.

Бирок толук өзгөрүп кеткен жок да. Нурлары анан чамгарагына эле бирөө кошулду. Мамлекет кайсыл желекти бекитсе, ошол желек менен чыгам", - деди балбан.

Эске салсак, бүгүн бир катар спортчулар желекти өзгөртүүнү колдобой тургандарын айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15182