"Аракет эле кылып көрсүн". Камчыбек Ташиев Жоламан Шаршенбековго жооп берди
RU

"Аракет эле кылып көрсүн". Камчыбек Ташиев Жоламан Шаршенбековго жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбековго жооп берди.

Ал балбандын эски желек менен гана чыгам деген сөзүнө "Аракет гана кылып көрсүн" деп комментарий калтырган.

"Бир да спортчу расмий мелдештерге мамлекеттик туусуз катышууга укугу жок. Ушундай кылууга аракет эле кылып көрсүн...", - деп жазган ал.

Камчыбек Ташиев фейсбуктагы тайпалардын бириндеги комментарийлерге жооп берип жатып "мыйзам кабыл алынды жана биз жарандар ага баш ийүүгө милдеттүүбүз",- деп жазган.

Эске салсак, бүгүн бир катар спортчулар желекти өзгөртүүгө каршы пикирлерин билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15181