Футболчу Мирлан Мурзаев менен Азамат Байматов да жаңы желекке каршы
RU

Футболчу Мирлан Мурзаев менен Азамат Байматов да жаңы желекке каршы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Футболчу Мирлан Мурзаев жана Азамат Байматов жаңы желекке каршы ойлорун билдиришти.

Мирлан Мурзаев желектеги өзгөртүүлөр жакпаганын айтып, эски желектин алдында көптөгөн ийгиликтерге жетишкенин кошумчалады.

"Негизи желекти өзгөртүүгө каршымын. Ал желек менен канча өлкөгө барып, бөлмөмдө илинип турган. Түркияда 5 жолу чемпин болдум. Ошол желекти көтөрүп чыкчумун. Эски желек родной (жакын - ред. kaktus), ага көнүп калганбыз.

Четке чыкканда деле ушул желек менен чыгам. Бул менин жеке пикирим, эч ким мажбурлабашы керек да", - деди ал.

Ал эми дагы бир футболчу Азамат Байматов өзүнүн социалдык баракчасында бир гана желекти тааный турганын белгилеп, желек жашоосунда да жүрөгүндөда бирөө эле болоорун жазган.

Бүгүн алдыңкы жеңиштерге эски желектерди гана көтөрүп чыгаарын грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын эк и жолку алтын медалынын ээси, 2020-жылдагы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу Жоламан Шаршенбеков желекти өзгөртүүнү колдобой турганын айтты.

Эске салсак, буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын беш жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюнунун күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова да бир гана желекти тааный турганын айткан эле.

Эске салсак, күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттары эч кандай талкуусу жок эле экинчи жана үчүнчү окууда желекти өзгөртүү мыйзам долбоорун колдоп койгон. Эми президент кол койгонсо, желек расмий түрдө алмашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15179