Кулак, мурду кесилген Аселдин күйөөсү түрмөдөн да ар кандай билдирүүлөрдү жөнөткөн
RU

Кулак, мурду кесилген Аселдин күйөөсү түрмөдөн да ар кандай билдирүүлөрдү жөнөткөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кулак, мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү 8 жылга эркинен ажыратылган. Бирок соттолуучу абакта жатканына карабай, Аселге кат жазуунун жолун таап, мурдагы телефон номерине бир нече билдрүү жөнөткөн.

Асел Ногойбаеванын жакындары буга нааразычылыгын айтып чыгышты.

"Эжемди кескилеген мыкаачы түрмөдө отурса да телефон алганга мүмкүнчүлүгү бар экен. Биз жакыныбыздын ден соолугу үчүн күрөшүп, операцияга каражат чогултуп, ар кандай чабуулдар менен күрөшүп жатсак, айыпталуучу курсагы ток, жылуу жерде отуруп Аселге билдирүүлөрдү жазып жатат.

А. Эстебесов биздин салыктардын эсебинен мамлекеттик жактоочу менен камсыздалган. Ал жалпы камерада жатат, байланыш каражатына мүмкүнчүлүгү бар экенине караганда аны сыйлашат окшойт.

Айыпталуучу СМС билдирүү жөнөткөн номер тергөөчүдө болчу, колдонулбай калган. Тергөө иштери аяктап, иш сотко өттү. Жакында отурум болот. Ал эми тергөөчү телефонду кайра өткөрүп берген. Аселдин агасы телефонду жандырганда соттолуучудан бир нече кат келген", - дейт жакыны.

Жабырлануучу тарап өмүргө коркунуч келтирип, абакта жаткан адамга телефон пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына нааразы болуп, тиешелүү органдарды бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15146