Мурдагы күйөөсү кескилеп салган келинге түрк дарыгери акысыз операция жасарын айтты
RU

Мурдагы күйөөсү кескилеп салган келинге түрк дарыгери акысыз операция жасарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Селекцияда мурдагы күйөөсү мурдун, кулактарын кесип, бетин тилип салган келинге түркиялык хирург акысыз пластикалык операция жасоону убадалады. Тиешелүү видео соцтармакка жарыяланды.

"Биз аялдарга карата зордук-зомбулукка каршыбыз. Динибизде, элибизде аял - ыйык, бейиш энелердин таманынын астында. Операциялар боюнча жардам кылабыз, колубуздан келишинче баарын жасайбыз.

Биздин клиникаларда жогорку тажрыбайлуу адистер иштейт. Кызыңыздын мурунку жүзүн калыбына келтиребиз", - деди адис жабырлануучунун апасына.

*****

Чүйдүн Селекция айылында 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү кулак, мурдун кесип, кыйноого алган. Жабырлануучу оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилип, ага 8 саатка жакын операция жасалган.

Кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Э.А. кармалып, СИЗОго киргизилди. 2022-жылы шектүү мурдагы аялын зордуктоого айыпталып, сотто жабырлануучу тарап тосмо арыз жазгандан кийин бошотулган. Бир нече айдан кийин келин мурдагы күйөөсү тарабынан дагы зордуктоо жана карактоо аракети болгонун билдирген. Шектүү кайрадан кармалган. Бирок иш сотто каралганда аял тосмо арыз жазган.

Келин акыркы жолу 2023-жылдын 31-январында арыз жазган. Анда Селекция айылындагы батиринен аны зордуктап кеткенин айткан. Сокулук райондук соту шектүүгө карата пробация колдонуу боюнча өкүм чыгарган. Бирок жабырлануучу өкүмгө макул болбой, Чүй облустук сотуна кайрылган.

Шектүүгө карата пробациялык көзөмөл колдонгон соттун аракеттерине баа берилерин Жогорку Соттон маалымдашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14537