Нурдан Орунтаев Имамидин Ташовдун иши жана KG Групптун объектилери боюнча үн катты
RU

Нурдан Орунтаев Имамидин Ташовдун иши жана KG Групптун объектилери боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

KG Групп компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун мыйзамсыз курулган бир катар объектилери бар. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев бүгүн, 12-январда Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

"Мен KG Групп тууралуу айтып берейин, компаниянын Бишкекте тогуз объектиси бар, анын үчөө ишке берилди. Беш объект реестр боюнча, курулуш стадиясында, бирок иш жүзүндө ал жерде эл жашайт. Ишкананын жоопкерсиздигинен улам бул беш үйдүн жашоочулары коммуналдык кызматтарга коммерциялык тариф менен төлөшөт. Бул эмнени билдирет? Бул KG Групптун курулуш маселесинедеги көйгөйлөрдү көрсөтүп турат. Алар элден акча чогултуп, бирок толук аткарышкан эмес. Алардын алдындагы милдеттенмелерин жарым жолдо калтырышты. Имамидин Ташов өзүн патриотмун деп атайт. Патриот болгондо Көк-Жарга бала бакча салмак, тескерисинче, ошол жерге үй салды. Бул учурда ал бюджетке 52 миллион сом төлөгөн. Эми ал экрандын артына олтуруп алып өзүн олуттуу бизнесмен деп атады. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзө электе батирлерди бүтүрүп, пайдаланууга бериш керек болчу.

Ташов дагы бир мыйзамсыз объект куруп, ал жерге адамдарды жайгаштырган. Ал куруп, андан кийин гана документтер менен алектене баштайт. Мындай болбошу керек. Ал ишкер болгондуктан, кардарлардын алдындагы милдеттерин так аткарса болмок", - дейт Орунтаев.

Эскерте кетсек, 26-октябрда Бишкекте ишкер Имамидин Ташов социалдык объектинин ордуна мыйзамсыз турак-жай куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ташов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун 52 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү менен толтурган, андан соң эркиндикке чыккан.

10-январда социалдык тармактарда Ташовдун кайрылуусу пайда болуп, анда белгисиз адамдар өзүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырып, сол чөнтөгүнө дагы 100 миллион сом талап кылып, уурдап кетишкенин билдирген. Анын айтымында, бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурган көптөгөн бизнесмендер иш жүзүндө расмий айтылгандан бир нече эсе көп сумманы которушат.

Мындан кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ташов мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген шек менен издөөдө жүргөнүн билдирген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15303