УКМК Имамидин Ташовго, Тилекмат Куреновго издөө жарыялады
RU

УКМК Имамидин Ташовго, Тилекмат Куреновго издөө жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

KG Group компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго издөө жарыяланды. УКМК тараткан маалыматта ал бир катар адамдар менен биргеликте бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө.

"И.Ташов СИЗОдо отурганда уюлдук байланыш аркылуу издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Куренов) жана башка деструктивдүү маанайдагы адамдар менен биргеликте зомбулук көрсөтүүнү, массалык митингдерди өткөрүүнү, социалдык маселелерди козгоп (ККМ аппараты) бийликти басып алууну пландашкан.

Ишкер өзүнүн кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн Т.Кудайберген уулун жана башка бир катар адамдарды туруктуу негизде каржылаган. Натыйжада УКМК тарабынан И.Ташовго, Т. Кудайберген уулуна жана башка адамдарга карата 326-берененин 1-бөлүгүнүн 245-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө аларга карата издөө жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, Имамидин Ташов атайын кызматтын кызматкерлери аны уурдап кетип, 100 млн сом талап кылган деп айтып чыккан. УКМК бул маалыматты четке кагып, укук коргоо органдары тарабынан И.Ташовго карата алдамчылык фактысы боюнча 16 кылмыш иши тергелип жатканы кабарлашты.

"Бишкектин аймагында KG Group компаниясы тарабынан көп кабатту 6 турак жай курулуп, бирок уруксаты жок өз алдынча курулгандыктан бул объекттердин бири да пайдаланууга берилген эмес. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен (10 батирге жана 1 коммерциялык жайга) 52,4 млн сом муниципалдык менчикке кайтаруунун натыйжасында 8-декабрда И.Ташовдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Бирок абактан чыккандан кийин ал митингдерди даярдоо жана бийликти күч менен басып алуу фактысы боюнча ишмердүүлүгүн уланткан", - дешти комитеттен.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15290