Президент аянтка илинген туура эмес туу боюнча жоопко ким тартыларына так жооп берген жок
RU

Президент аянтка илинген туура эмес туу боюнча жоопко ким тартыларына так жооп берген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-январда аянтка өзгөртүлгөн желек илинген. Бирок жаңы туу парламент тарабынан кабыл алынып, президент тарабынан жактырылган туудан айырмаланып, талкуу жараткан. Бир аптадан кийин кайра Жогорку Кеңеш кабыл алган туу салтанаттуу илинген.

Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, 1 апта бою башка туу илинип калганы үчүн кимдир-бирөө жоопкерчиликке тартылабы, жокпу деген суроого жооп берди.

"Биринчи январда илинген желектен трагедия издештин кереги жок. Мэрияга мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалып келген жаңы желекти илели деген сунуш болгон экен. Мэрия "макул" деп жаңы желекти көтөртүп коюптур.

8-январь күнү Жогорку Кеңеш дыкат карап, берилген сунуштарды эске алып толуктап, 3 окууда кабыл алып берген, андан соң өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы желек расмий түрдө көтөрүлдү. Болду го эми, желек боюнча талкууну токтотолу" - деди ал.

Белгилесек, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда көтөрүлгөн желек туура эмес экенин моюнга алып, жаңы жылды жаңы желек менен тосуу каалоосунан улам башаламандык пайда болгонун билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15316