Көптөгөн сындардан кийин "Ала-Тоо" аянтына парламент кабыл алган желек салтанаттуу илинди
RU

Көптөгөн сындардан кийин "Ала-Тоо" аянтына парламент кабыл алган желек салтанаттуу илинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алган туу илинди. Желек бүгүн, 8-январда алмаштырылды.

Жогорку Кеңештен маалымдашкандай, "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине спикер Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

Тууну көтөрүү учурунда аскердик оркестрдин коштоосунда мамлекеттик гимн жаңырды.

Белгилесек, 1-январда аянтка өзгөртүлгөн желек илинген. Бирок жаңы туу парламент тарабынан кабыл алынып, президент тарабынан жактырылган туудан айырмаланган. Бул кызуу талкуу жаратып, ага президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап акыркы вариантын токтом менен бекиткен" деп жооп кылган.

Ошондой эле туудагы күндүн нурлары 40 эмес, 39 деген талаш жаралып, Улуттук гвардия тарабынан желектеги күндүн нурлары саналган.

Депутат Тазабек Икрамов анятка илинген жаңы туу боюнча сын-пикирин айтып, жаңы туу расмий түрдө азчылык болсо да жок эле дегенде мамлекеттик катчынын катышуусунда, гимндин жаңыруусунда, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15268