Мамлекеттик катчы буга чейин аянтка илинген туу боюнча ката кеткенин моюндады
RU

Мамлекеттик катчы буга чейин аянтка илинген туу боюнча ката кеткенин моюндады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-январда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына Жогорку Кеңеш кабыл алган, президент тарабынан жактырылган желек салтанаттуу көтөрүлдү. Иш-чарага ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана башкалар катышты.

Туу көтөрүү аземинен кийин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда көтөрүлгөн желек туура эмес экенин моюнга алды. Айтымында, жаңы жылды жаңы желек менен тосуу каалоосунан улам башаламандык пайда болгон.

"Алешемдик кетти, каталык кетти, шашып кетти. Аны моюнга алабыз биз. Адегенде эле жаңы жыл башталары менен, балким жакшы ниет, жакшы тилек менен жылды жаңы желек менен тосолу деген жагдайда толук такталбаган, кароодон толук өтө элек туу илинип, ызы-чуу жаратты. Бул тууралуу биз кийинчерээк дагы кеп кылабыз. Бүгүн илинген туу Жогорку Кеңеш тарабынан 3 окуудан кабыл алынган, өкмөттүн токтому менен бардык параметрлери - өңү, түсү, узун, туурасы, кандай даярдалат деген өзүнүн жобосунун негизинде кабыл алынган туубуз жаңырды. Биз эми өзгөртүлгөн туунун астында биригип, ынтымакка келишибиз керек", - деди ал.

Мамлекеттик катчы жаңы желектин айланасындагы талкууларды токтотуу учуру келди деп эсептейт. Себеби элдин ою эске алынды.

"Жогорку Кеңеш элдин оюн кунт коюп угуп, катуу талкуу жүрдү. Эми кабыл алынды, президент тарабынан мыйзамга кол коюлду. Бул кыйшаюсуз аткарылышы керек, бийликке баш ийиш керек. Туубуздун өзөгү, өңү өзгөргөн жок. Негизги өзөгү сакталды. Эгерде туу өзгөрө турган болсо Кыргызстан боюнча расмий иш-чаралар жүргүзүлмөк. Бул тууга өзгөртүүлөр, оңдоолор кирди. Ошондуктан бүгүнкү иш-чарага президент катышкан жок", - деп түшүндүрдү.

Белгилесек, 1-январда аянтка өзгөртүлгөн желек илинген. Бирок жаңы туу парламент тарабынан кабыл алынып, президент тарабынан жактырылган туудан айырмаланган. Бул кызуу талкуу жаратып, ага президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап акыркы вариантын токтом менен бекиткен" деп жооп кылган.

Ошондой эле туудагы күндүн нурлары 40 эмес, 39 деген талаш жаралып, Улуттук гвардия тарабынан желектеги күндүн нурлары саналган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15272