Тазабек Икрамов журналисттердин үйүн тинтип, суракка алуунун терс таасирлерин айтты
RU

Тазабек Икрамов журналисттердин үйүн тинтип, суракка алуунун терс таасирлерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутат Тазабек Икрмаов бир катар журналисттердин суракка алынышы боюнча үн катты. Эл өкүлү медиага карата жасалып жаткан бүгүнкү аракеттер терс таасир берерин айтты.

"Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан 24 kg маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса, бүгүн таң эрте онго жакын журналисттердин "баш аламандык уюштуруу" шеги менен үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барат деп ишенем", - деп жазды ал Facebook баракчасына.

Белгилесек, бүгүн, 16-январда "Айт Айт Десе" жана "Temirov Live`дын" кызматкерлеринин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, айрымдары ИИМге жеткирилди. Бул боюнча аталган министрликтен журналисттерге массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирди.

Кечээ, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлер, ноутбуктар жана башка буюмдар алынган. Ошондой эле редакциянын директору, башкы редактору жана шеф-редактору УКМКга суракка берип чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15325