ИИМ "Temirov Live", "Айт Айт Десенин" кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун маалымды
RU

ИИМ "Temirov Live", "Айт Айт Десенин" кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун маалымды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-январда "Айт Айт Десе" жана "Temirov Live`дын" кызматкерлеринин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, айрымдары ИИМге жеткирилди. Бул боюнча аталган министрликтен журналисттерге массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалыматта айтылгандай, милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда "Айт Айт Десе" жана "Temirov Live" соцбаракчаларынан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган.

Иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалыматтар ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. 12-январда эскспертизанын корутундусуна ылайык, "Айт Айт Десе", "Temirov Live" баракчаларына тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүгү менен ( Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча ыкчам тергөө иш-чараларын улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15324