24.kg маалымат агенттигинде жүргүзүлгөн тинтүү иштери боюнча УКМК билдирүү таратты
RU

24.kg маалымат агенттигинде жүргүзүлгөн тинтүү иштери боюнча УКМК билдирүү таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, документтер жана системалык блоктор алынды. Тинтүү жүргүзүүгө Биринчи Май райондук соту макулдук берген.

Кийинчерээк УКМКдан тинтүү иштери 407-берене ("Согушту пропагандалоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөнүн маалымдашты. Бирок кайсы материалдар тууралуу кылмыш иши козголгонун ачыкташкан жок.

Тинтүүнүн жүрүшүндө компьютерлер, ноутбуктар жана башка кылмыш иши үчүн мааниси бар далил заттар редакциядан алынганын, азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15321