Маданият министринин орун басары журналисттердин кармалышын басым деп айтпоого чакырды
RU

Маданият министринин орун басары журналисттердин кармалышын басым деп айтпоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-январда эртең менен эркин редакциялардын журналисттеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, массалык түрдө суракка жеткирилди.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги "Айт Айт Десе" жана "Temirov Live`дын" материалдарында массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар экени аныкталганын, анын негизинде 278-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Журналисттердин үйүн тинтүү, аларды суракка алып кетүүнү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орну басары Марат Тагаев сөз эркиндигине кысым деп эсептебей турганын "Азаттыктын" эфиринде айтты.

"Азырынча сөз эркиндигине басым, кысым болуп жатат деп айтуудан алыс болууга, укук коргоо органдарынын алдыдагы кеңири маалыматтарын күтүүгө чакырам. Кечээ эле 24.kg редакциясынын кеңсесинде тинтүү болду.

Мен айткым келет, кыргыз журналистикасы учурдаа терең кризисте, деградация болду. Абдан майдаланды. Журналистика азыр акыйнекке, сармерденге айланып кетти. Кыргыз журналистикасы да өзгөрө турган учур келди. Азыр чындыгында башка заман, башка доор, ошого жараша журналистика да жаңы бир талаптар менен ишмердүүлүк алып барышы керек", - деди.

Ал эми таң атпай үйүнө бастырып кирип тинтүүгө алуу, суракка сүйрөп кетүүнү укук коргоо органдарынын чечими дейт. "Эми аны укук коргоо органдары өздөрү чечти. Эртең менен үйүндө отурган жеринде кармап, алып кетишет", - дейт Тагаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15329