Болот Темировдун командасында мурда, кийин иштеген 11 журналист 2 суткага камалды
RU

Болот Темировдун командасында мурда, кийин иштеген 11 журналист 2 суткага камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" деген берене менен айыпталып, суракка алынган 11 журналист 48 саатка камалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Алар:

  • Махабат Тажибек кызы
  • Сапар Акунбеков
  • Азамат Ишенбеков
  • Сайпидин Султаналиев
  • Актилек Капаров
  • Тыныстан Асыпбеков
  • Максат Тажибек уулу
  • Зоодар Бузумов
  • Жумабек Турдалиев
  • Айке Бейшекеева
  • Акыл Орозбеков

Белгилесек, 16-январда жогорудагы журналисттердин үйүндө эртең менен тинтүү жүрүп, андан кийин ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15333